Дүйнө чемпионаты: Мээрим Жуманазарова финалга чыкты

Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси, балбан кыз Мээрим Жуманазарова бүгүн, 7-октябрда күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медаль үчүн күрөшөт. Ал саат саат 22:00дө жапониялык Рин Мияжи менен беттешет.

Жуманазарова 68 килограмм салмак категориясында күч сынашууда. Алгач түштүк кореялык Минжи Ханы 8:0 эсебинде жеңип, андан соң чейрек финалда канадалык Оливия Ди Баккону 7:1 эсебинде уткан.

Ал эми жарым финалда орусиялык Ханум Велиеваны 3:3 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага жалпы 15 кыргызстандык спортчу катышып жатат. Учурда өлкөнүн куржунунда Айсулуу Тыныбекова уткан алтын, Эрназар Акматалиевдин күмүшү, Алибек Осмонов менен Айпери Медет кызынын бирден коло медалдары бар.

Мээрим Жуманазарова

Мээрим Жуманазарова 22 жашта. Токио-2020 Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси. Ал 2016-жылы кыз-келиндер арасында Дүйнө чемпионатында коло байгени уткан.

2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону болуп, Дүйнө чемпионатында коло медал тагынган.

Ошондой эле ал 2020-жылы Сербияда өткөн Дүйнө кубогун жеңип, 2021-жылы Азия чемпиону аталган.