Хафиза, Нурсулуу жана Жумабой — коронавирус пандемиясы турмуштарын өзгөрткөн Борбор Азиялык мигранттар. Алардын баары Орусияда коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам жумушсуз жана кирешесиз калган.

Нурсулуунун балдары менен күйөөсү чектөөлөр жеңилдетилгенден кийин Кыргызстандан Орусияга кете алышкан, бирок эмгек эксплуатациясына кабылышкан.

Хафизанын күйөөсү дагы ушундай эле жагдайга туш болгон. Орусияда иштегенине жарым жыл болсо да Өзбекстандагы үй-бүлөсүнө бир тыйын да сала элек. Аялдар көп балалуу үй-бүлөлөрүн жалгыз багып жатышат.

Ал эми Жумабой мекенинде болсо да үй-бүлөсүнөн алыс жашоого аргасыз. Ал Дүйшөмбү шаарында жумалап жашап, күн сайын эмгек биржасында ар кыл жумуштарды жасоо үчүн жалданып иштейт.

Алардын баарын бир эле максат бириктирет — эңсеп жүргөн Орусияга жетиш үчүн авиабилетке акча топтоп, чоочун жерден тыңыраак жашоого жетишүү.

Бирок орус бийлиги күчөткөндөн күчөтүп жаткан антимиграциялык саясат алардын бул өлкөгө кереги-бар жогунан күмөн санатууда.