Парламент минкаб жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттары 6-октябрда «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Долбоорду кабыл алууга 83 депутат макулдугун берди.

Бирок жыйынга катышкан журналисттер парламентте болгону 50дөн ашпаган депутат отурганын белгилешти.

Алардын маалыматына караганда, жыйынга катышпаган эл өкүлдөрү үчүн кесиптештери кнопка басышкан. Мисалы, депутат Шайлообек Атазов үч кесиптеши үчүн добуш бергенин журналисттерге өзү айтып берген.

Депутаттар жыйынга катышпаган эл өкүлдөрүнүн атынан добуш бергенин журналисттер жарыялаган видеодон да көрүүгө болот.

Мыйзам долбоорунда кандай сунуштар бар?

«Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров демилгелеген. Анда азыркы министрлер кабинетин президенттин администрациясы менен бириктирүү жөнүндө айтылган.

Аны менен катар, министрлер кабинетинин төрагасы президенттин администрациясынын жетекчиси дагы болот. Мыйзамдын долбоорунда минкабдын мүчөлөрү кызматтык турак-жай менен камсыз болот деп жазылган, бирок аны менчиктештирүүгө тыюу салынган.

Минкаб жөнүндө мыйзам 5-майда Кыргызстанда жаңы Конституция кабыл алынганына байланыштуу иштелип чыккан. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин мыйзам чыгаруу практикасы дагы алмашкан. Мындан ары Жогорку Кеңештен тышкары президент дагы мыйзам долбоорлорун демилгелей алат.

Ошол эле учурда, жаңы Конституция боюнча аткаруу бийлигинин өкүлү болгон минкаб түздөн-түз президентке баш ийет. Активисттер менен юристтер жаңы Конституция президентке министрлер кабинетинин, парламенттин, ал тургай соттордун үстүнөн башкарууга чексиз бийлик бергени үчүн кескин сынга алышкан.