Кыргыз балбаны Шаршенбеков күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков Норвегиянын Осло шаарында күрөш боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында финалга чыкты.

Ал чемпионатка 60 кг салмак категориясында катышып жатат. Турнирде ал беларустук жана грузиялык атаандаштарын уткан.

Жарым финалда кыргыз балбаны азербайжандык Мурад Маммадовду 4:2 эсеби менен жеңди.

Ал эми 9-октябрда финалдык кармашта Шаршенбеков молдовалык Виктор Чебану менен беттешет.

Жоламан Шаршенбеков Мурад Маммадов менен беттеште. Сүрөт / uww.org

Шаршенбеков Токио Олимпиадасынын катышуучусу. Олимпиаданын жарым финалында Шаршенбеков дал ошол Чебанудан жеңилген эле.

Ослодо өтүп жаткан чемпионатта кыргыз балбандары 6 медалды багындырышты: эки алтын, бир күмүш жана эки коло.

  • Айсулуу Тыныбекова — алтын медаль;
  • Мээрим Жуманазарова — алтын медаль;
  • Эрназар Акматалиев — күмүш медаль;
  • Алибек Осмонов — коло медаль;
  • Айпери Медет кызы — коло медаль.