Коронавирустан бир адам каза болуп, 93 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 10-октябрга карата коронавирустун 93 жаңы учуру катталып, 66 бейтап айыгып чыкты. Ал эми бир адам илдеттен көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаары — 71;
  • Ысык-Көл облусу — 10;
  • Чүй облусу — 6;
  • Талас облусу — 4;
  • Нарын облусу —2.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 179 281ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 174 019 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2619 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 449 бейтап, ал эми үй шартында 702 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 10-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 4418 адам, ал эми экинчи дозасын 2752 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.