ИИМ башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаков кызматынан кетти

ИИМдин басма сөз кызматы министрликтин башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаков кызматынан кеткенин билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Өмүрзаков 28-ноябрга дайындалган парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын өткөрүп берген. Азырынча Өмүрзаков шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катышабы же партиядан аттанабы белгисиз.

«Баракелде» басылмасынын маалыатына ылайык, Өмүрзаковдун ордуна Адылбек Бийбосунов дайындалды. Буга чейин ал ИИМ академиясынын жетекчиси болчу.

Өмүрзаков укук коргоо органдарында 2000-жылдан тартып иштеп келет. Ал Беларуста ИИМ академиясын аяктаган, кийин Кыргызстандын түштүгүндө ар башка кызматтарда иштеген, 2016-жылдын июнунда ИИМдин башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

Сүйүн Өмүрзаковдун иниси да бар, ал 2020-жылы ноябрда Ош облусунда «Жол-Чырак и Ко» компаниясын рейдерлик басып алууга шектелип кармалган Улукбек Өмүрзаков. 2021-жылдын январында сот Улукбек Өмүрзаковду мамлекетке 20 млн сом өчөмүндө зыянды төлөп бергенден кийин эч жакка кетпөө шарты менен бошотулган.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. БШКнын алдын ала маалыматына ылайык, шайлоого 70тен ашык саясий партия жана бир мандаттуу округ боюнча 100дөн ашык талапкер катышууга ниеттенип жатат.

Кезектеги парламенттик шайлоо 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, аралаш система менен өтөт.

Өлкөнүн Негизги мыйзамына ылайык, жаңы парламентке 120 депутаттын ордуна 90 депутат келет.

54 депутат бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорционалдык система менен, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарынан мажоритардык система боюнча шайланат.