Канализация жана ысык суу жок. Жалал-Абаддагы мектеп-интернатта окуган балдардын көйгөйү

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы 11-октябрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ленин атындагы мектеп-интернатты текшерүүдө көптөгөн көйгөйлөр аныкталганын билдирди.

Мисалы, мектеп ашканасында самын жана антисептиктер жетишсиз, жашылчалар шыпыргы жана калактар менен аралашып жерде жатат, анткени азык-түлүк үчүн текчелер жок.

«Бир гана тоңдургуч камера бар», — деп белгилешти укук коргоочулар.

Көйгөйлөр интернаттын медпунктунда дагы табылган, ал жакта киринүүчү жай жок (ванна же душ бөлмөсү), санитардык түйүн жок, башка «бардык санитардык ченемдер да жокко эсе». Ал жакта бейтап-балдардын керебеттери да талкаланган, ал эми мектептин корпустары суу жана канализация менен камсыздалган эмес.

«Кир жуучу жайда кир жуугуч машиналар жок, жашы жете элек мектеп окуучулар өздөрү кийимдерин таштекке суу куюп алып колго (коридордо) жуушат, кир жуучу жай өзү шейшеп, төшөнчүлөрдү жууш үчүн гана колдонулат; ысык суу жок, аны ар кандай жолдор менен жылытуу керек», — деп белгилешти акыйкатчы институтундагылар.

Жалпы душ бөлмөсү дагы начар абалда, ал эми жуунучу бөлмө менен жатакананын ортосундагы аралык 700-800 метр, бул күз-кыш мезгилинде балдарды ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыгуу коркунучуна кептейт.

Мектеп-интернатынын башчысы Алтынбек Нурумбетовдун айтымында, корпустарды суу менен камсыздап, мончону оңдоп-түзөө үчүн «Ага Хан Фонду» 3 млн сом, ал эми ПРООН 1,2 млн сом бөлүп берген.

«Биз окуучуларыбыздын билим алуусу, тамактануусу жана жашашы үчүн тийиштүү жана ылайыктуу шарттарды түзүүгө абдан аракет кылып жатабыз, бирок мамлекеттин колдоосусуз бардык көйгөйлүү маселелерди чечүү мүмкүн эмес, ошондуктан биздин билим берүү мекеме ушундай кейиштүү абалда», — деди интернаттын директору.

Ал мектептин жатаканасы учурда электр жылыткычтары менен жылытылып жатканын, эгерде электр энергиясы аварияга учураса имарат таптакыр эле жылуулуксуз каларын кошумчалады.

Акыйкатчынын аппаратынан мектеп-интернаттын тарбиялануучуларын бардык зарыл шарттар менен камсыздоо үчүн саламаттык сактоо министрилиги тез арада жардам көрсөтүүсү керек деп белгилешти.