«Коопсуз шаардын» жаңы камералары азырынча бузууларды каттаган жок

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы АКИpress басылмасына «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары азырынча жол кыймылынын эреже бузууларын каттаган жок деп билдирди.

«Биз байкоо камералары сыноо тартибинде иштеп баштаганда кабарлайбыз. Техникалык жагдайлар бар, алар иштелип чыгышы керек», — деп билдиришти министрликтен.

«Коопсуз шаар» — мамлекеттик «Таза коом» программасынын «Акылдуу шаар» долбоорунун бир бөлүгү. Бийликтин идеясы боюнча «Акылдуу шаардын» ишке кириши менен кыргызстандыктардын коопсуздугу жогорулап, ал эми мамлекеттик кызматтардын бир бөлүгүн онлайн алса болот.

Мурдараак Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети долбоор 7 облусту, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарды жана 73 калктуу жайды камтый турганын маалымдаган.

Жалпысынан долбоордун экинчи этабынын алкагында 306 түйүндү 2000ге чукул камера менен жабдуу пландалууда — алардын ичинен 266сы стационардык жана 40 көчмө түйүн.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу боюнча тендерди 2019-жылы «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» кытайлык компаниясы утуп алган. Ал долбоорду ишке ашырууга эң төмөн баа сунуштаган — 2 млрд 655 млн сом.

Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd — инновациялык кытай компаниясы, анын расмий сайтында айтылгандай, ал билим берүүдө, медицинада жана башка тармактарда автоматташтырылган жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашырат. Ал 1997-жылы негизделген. Reutersтин маалыматы боюнча, компания Шэньчжэнь фонд биржасына 2010-жылы катталган.

Компания өзүн акылдуу шаар жаатында Кытайдагы жасалма жана интеллектуалдык жабдууларды өндүрүүчү алдыңкы ишкана катары көрсөтөт.

«Коопсуз шаардын» биринчи этабын Орусиянын «Вега» концерни ишке ашырган. Концерн Бишкек жана Чүй облусунда 100 камера орноткон. Жалпысынан долбоордун биринчи этабын ишке ашырууга 35 млн доллар кеткен.

Маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитети жана ЖКККББ «Коопсуз шаар» ишке киргизилгенден кийин Бишкек шаары менен Чүй облусунда жол кырсыктары жана коомдук жайлардагы кылмыш фактылары «бир кыйла азайганын» бир нече жолу айтышкан.

Алардын маалыматына ылайык, Бишкекте программалык-аппараттык комлекстер орнотулган жерлерде кырсыктардын саны 72,2%га, ал эми Чүй облусунда эки эсе азайган.