Минкаб көмүрдүн баасын жөнгө салууну көздөйт

Министрлер кабинети күз-кыш мезгилине карата көмүрдүн баасын жөнгө салууну пландап жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди.

Минкаб мамлекеттик жөнгө салуу отун баасынын кымбатташын ооздуктап, аны калк үчүн жеткиликтүү кылат деп эсептейт.

Мамлекеттик антимонополия агенттиги көмүр баасы бир нече себептерден улам кымбаттаган деп эсептейт: мезгилдик фактор, суроо-талап сунуштан жогору болуп жатканы жана отунду калкка сата турган түйүндөргө чейин жеткирүү. Мындан тышкары, агенттик сатуучулар абалдан пайдаланып жатышы мүмкүн деп дагы эсептейт.

Мамлекеттик агенттик «бул чынжырчанын чыгымдары чындыкка коошпойт» деп эсептейт.

Агенттик мурдараак Кара-Кече карьеринде жайгашкан 21 көмүр казган ишкана үчүн дүң баада сатуунун нарктары коюлуп, ал өткөн жылдагы баа боюнча калганын дагы эскертти: көмүрдүн тоннасы үчүн 1250 сомдон 1330 сомго чейин.

Көмүрдүн баасы кымбаттап жаткандыктан Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы Кеңешбай Тайлаков менен мекеменин кызматкерлери Бишкектин көмүр сатылган базарларына барып кайтышты.

Агенттиктин Бишкектин базаларындагы рейди. Сүрөт: Мамлекеттик антимонополия агенттигинин басма сөз кызматы

Тайлаков көмүр саткандар менен сүйлөшүп, аларды мыйзам чегинде иштөөгө үндөп, «сатуулардын дагы, керектөөчүлөрдүн да кызыкчылыктарын эске алууну» өтүндү. 

«Мындай иш-чараларды мамлекеттик агенттик Бишкекте эле эмес, аймактарда дагы жүргүзөт, анын ичинде агенттиктин алдында жолугушуу уюштуруу дагы пландалып жатат. Мамлекеттик агенттик көмүр казган ишканалар менен аларды саткандардын түшүнүүсү менен укуктук жоопкерчилигине үмүттөнөт», — деп билдиришти мекемеден.

Көмүрдүн баасы

7-октябрда Улуттук статком бир тонна көмүрдүн баасы өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу 715 сомго кымбаттаганын билдирген. Барынан да Ноокатта көмүр кымбат — бир тоннасы 8 390 сом. Экинчи орунда Баткен турат — 8 377 сом.

Улуттук статкомдун маалыматына караганда, Бишкекте бир тонна көмүр 4 558 сом турат. Бирок ЖМКдагы маалыматтар боюнча, борбор калаада көмүр беш миң сомдон жогору.

Буга чейин «Кыргыз көмүр» мамишканасынан көмүрдүн баасын алып сатарлар жогорулатып жатканын айтышкан. Мамлекеттик ишкана ортомчуларга кайрылып, бааларды негизсиз жогорулатканды токтотууну суранган. Ал эми жарандарга көмүр сатып алууда соодалашууну кеңеш кылышкан.

Энергетикалык кризис

Кыргызстан узап бараткан жылы эң эле масштабдуу энергетикалык кризиске кабылды. Бийлик буга аймактарда суу тартыш болгону башкы себеп деп атоодо.

Мындан улам өлкөнү 40-50%га электр энергиясы менен камсыздаган Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли төмөн болууда.

Буга байланыштуу бийлик жана энергетиктер кыргызстандыктарды «электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга», үйлөрдү мүмкүнчүлүккө жараша көмүр же газ сыяктуу альтернативдүү энергия булактары менен жытылууга үндөй баштаган.

Мындан тышкары, бийлик жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүш үчүн коңшу мамлекеттерден электр энергиясын импорттоп жатат.