Соцфонддун төрагасынын милдетин Арстанбек Абдуллаев аткарат

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Арстанбек Абдуллаев ведомствонун башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Маалыматты Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Арстанбек Абдуллаев.

Абдуллаев карьерасын соцфонддо курган. Ал 1992-жылы ведомствонун Өзгөн райондук бөлүмүндө иштеп баштап, 2021-жылы майда Соцфонддун башкармалыгынын мүчөсү болгон.

Соцфонддун мурдагы башчысы Жаныбек Орозалиевди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мурдарак «24 саат иштегенди билбегендиктен» бошотконун билдирген.

Орозалиев Соцфонддун жетекчилигине май айында келген, бирок бул кызматка дайындалганга чейин ошол эле жерде коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп иштеген. Ал 2003-жылдан тартып Соцфонддун ар башка органдарында иштеген, ведомствонун башкармалыгынын мүчөсү.

Соцфонддун башчысынын биринчи орун басарлык кызматынан Гүлнара Жуматаева дагы кеткен. Министрликтин маалыматы боюнча, Жуматаева өз каалоосу менен кызматынан кетүү арызын жазган. Ведомство анын ордуна азырынча ким келерин айткан жок.