COVID-19: Акыркы суткада эки адам каза болуп, 93 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 12-октябрга карата коронавирустун 93 жаңы учуру катталып, эки бейтап каза болду. Илдеттен 112 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 51;
  • Чүй облусунда — 21;
  • Ысык-Көл облусунда — 9;
  • Жалал-Абад облусунда — 6;
  • Талас облусунда — 4;
  • Ош облусунда — 1;
  • Баткен облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 179 429га жетти. Ал эми өлкө боюнча 174 198 киши вирустан айыкты. Пандемияда жалпы 2622 адам көз жумду.

Учурда ооруканаларда 442 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 672.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 12-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 6 425 адам, ал эми экинчи дозасын 4 618 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.