Ар жолку шайлоо алдында саясий партиялар жашоону жакшыртуу ишине киришет: жолдорду оңдоп, балдар ойноочу аянтчаларды курушат жана чатырларды оңдоп, подъезддерди сырдашат. Мыйзамга ылайык, бул — добуш сатып алуу, бирок бийлик ага дайыма көз жумат. Анткени партиялар түз эмес, квартал жана үй башчылары аркылуу иш алып барат. «Клооп» домкомдор эмнеге мыйзам бузууга барып жатканын жана эмне үчүн эл аларга ишенип жатканын изилдеп көрдү.
2021-жылдын март айында Кыргызстанда дагы бир шайлоо алдындагы өнөктүк башталган: бир айдан соң жарандар жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлашы керек болчу. Саясий партия менен талапкерлер үгүт иштерин активдүү жүргүзгөн: жарнама баннерлерин орнотуп, баракчаларды чапташты, соцтармактарда видеолорду жарыялап, митинг менен коомдук дебаттарды өткөрүштү. Жалпысынан, алар мыйзамда көрсөтүлгөндөрдүн бардыгын аткарышты.
Кээде болсо чектен чыгып кетип жатышты. Мисалы, жаңы конуштардагы жолдорду оңдоп, балдар ойноочу аянтчаларды курушту жана подъезддерди сырдап, жарыктарды орнотушту. Мыйзамга ылайык, мындай аракеттер добуш сатып алуу катары бааланат, анткени Кыргызстандын мыйзамында материалдык жардам камтылган үгүт иштеринин бардык түрүнө тыюу салынат жана партияларды, талапкерлерди тизмеден четтетүү же айып пул салуу жазасы каралат.
Бирок саясатчылардын өздөрүнүн каналы бар, ал аркылуу мыйзам жол бергенден дагы көп нерсе кыла алышат. Бул канал — квартал башчылары менен үй башчылары.
Үй башчыларынын буга кандай тиешеси бар?
Шайлоо алдында партиялар жергиликтүү тургундар добуш берет деген үмүттө шаардын инфраструктурасын активдүүлүк менен оңдоп башташат. Бирок, райондордун тургундары кимге добуш берүү керектигин кантип билишет?
Мындай жагдайда ишке квартал башчылары менен үй башчылары аралашат — алар шайлоочулар менен талапкерлердин ортосундагы көпүрө. «Клооп» жарандардын БШКга жазган арыздарынан үй башчылары партияларга шайлоодо жеңүүгө кантип жардам берерин билди. Арыздардын 26сында үй башчылары шайлоочуларды участокко келип, белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө мажбурлаган схемасы сүрөттөлгөн.
Үй башчылары шайлоодо кантип иштешет?
Адатта партиялар үй башчыларын үгүтчү катары колдонушат: үйдүн чоңдору батирлерди кыдырып, райондогу көйгөйлөрдү жана шайлоодон соң партиялар маселени кантип чечип берүүнү убадалаганын айтышат.
Кээде алар ачык эле добуш сатып алууга өтүшөт: талапкердин атынан азык-түлүк салынган баштыктарды таратып, «туура» добуш бергендерге каржылык жардам берүүнү убада кылышат.
Иш жашоочулардын мессенжердеги тайпаларында да жүргүзүлөт. Ал аркылуу үй башчылары үгүт иштерине шайлоочулардын катышуусун камсыздайт.
Ошондой эле, белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө үгүттөшөт.
Тайпалардагы буга окшогон билдирүүлөр шайлоочуга кысам катары баалынышы мүмкүн.
Шайлоочуларга гана кысым көрсөтүшпөйт
Бишкектеги үйлөрдүн биринин үй башчысы «Ак Бата» партиясынын үгүтчүлөрүн подъездге киргизбей койгон. Ал жашоочулар кимге добуш берерин алдын ала тандап алганын жана башка үгүт баракчаларынын кереги жок экенин айткан.
Үй башчылары шайлоого катышкандардын санын кантип камсыздашат?
БШКга түшкөн арыздардын биринде, шайлоого катышкандардын саны боюнча үй башчыларынын нормалары бар экени көрсөтүлгөн: шайлоого ар бир үйдөн 20-30 адам келиши керек. Бирок бул норма кантип аткарылат?
Үй башчылары вотсаптагы тайпалардан тышкары, көчмө добуш берүүнү колдонушат. Шайлоого бир күн калганда УШК мүчөлөрү жашы улгайган же ден соолугуна байланыштуу участкага келе албаган шайлоочулардын үйүнө барышат.
2021-жылдын апрель айында Бишкекте участкадан тышкары добуш берүүгө арыз бербеген шайлоочулар өздөрүн көчмө добуш берүүчүлөрдүн тизмесинен тапкан учурлар аныкталган. Аларды тизмеге үй башчылары шайлоого катышкандардын санын көбөйтүү үчүн кошуп койгондой.
Ошондой эле БШКга түшкөн арыздарда үй башчылары шайлоочулардын паспортторун алып коюп, добуш берүүнүн алдында гана, комиссия менен байкоочулардын көзүнчө берген учурлар дагы сүрөттөлгөн. Шайлоочу добуш берүүдөн баш тартапашы үчүн жасалган өңдүү.
Айрым үй башчылары шайлоочулардын паспорттук маалыматтары менен телефон номерлерин чогултуп, добуш берүүчүлөрдүн аты-жөнү камтылган тизмелерди түзүшөт. Шайлоо күнү ким участкага келгенин, ким шайлоого кош көңүл мамиле кылганын белгилешкен. Бул дагы кысымдын бир түрү: адамдар үй башчынын алдында кадыр-баркынын төмөндөшүнөн коркушат.
Мыйзамсыз үгүт — ал дагы үй башчыларынын иши
Шайлоо күнү үй башчылары үгүт иштерин участкаларда улантышат. 11-апрелде саясий партиялардын байкоочулары Бишкекте жетиден ашык мыйзамсыз үгүт ишин катташкан — алардын бардыгы үй башчылары тарабынан жасалган. Алардын көпчүлүгү «Эмгек», «Ынтымак» жана «Ак Бата» партиялары үчүн үгүттөшкөн.
Айрым учурда алар шайлоочуларды кайсы бир партияга добуш берүүгө макул гана кылбастан, видеодогудай катуу кысым көрсөтүшкөн:
Шайлоо күнү участканын сыртында да, ичинде да үгүт жүргүзүүгө катуу тыюу салынарын эскерте кетели. Үй башчылары жасаган мыйзам бузуулар апрелде өткөн Бишкектеги шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга алып келген, 2021-жылдын июлунда кайрадан шайлоо өткөрүлгөн. Бирок Бишкек АШКсы жарыялаган чечимдерге ылайык алар олуттуу жазага тартылган эмес.
Үй башчылары шайлоодо эмнеге иштейт?
Негизги себептердин бири жеке материалдык кызыкчылык болуп эсептелет, дейт Борбор Азиядагы Америка университетинин ага окутуучусу, саясат таануучу Медет Төлөгөнов. Үй башчыларынын жасаган иши үчүн акча төлөнөт. БШКнын сайтындагы документтерге ылайык, аларга акча берүүнү партиялар гана эмес, муниципалдык мекеменин өкүлдөрү да убадалашат.
Экинчи себеп — альтруисттик болуп эсептелет, үй башчылары үйдөгү же райондогу жеңил көйгөйлөрдү чечип, чын жүрөктөн жардам берүүнү каалашат: чатырды оңдоп, балдар ойночу аянтчаны жаңылап, короону жарыктандыруу сыяктуу. Көбүнчө, жашоочулар өздөрү акча чогулткан күндө дагы көйгөйлөрдү чече алышпайт, андыктан үй башчылары саясатчылардын арасынан жарандардын кызыкчылыгын коргой турчу колдоочуларды издөөгө аргасыз.
Дагы бир көп кездешүүчү аң-сезимсиз факторлордун бири өз авторитетин сактап калуу болуп эсептелет. «Үй башчылары өздөрүн керек болгон адам ресурстарын мобилизациялай ала турган катары көрсөтүшөт. Алар муну ар кандай муктаждык үчүн жасашат — административдик, шаардык денгээлде жана ошого жараша алардын кадыр-баркы белгилүү болот. Дал ушул кадыр-барк үчүн шайлоо учурунда [партиялар] аларга көңүлүн бурушат», — деп эсептейт саясат таануучу Төлөгөнов.
Алар эмне себептен мыйзам бузушат?
Анын себеби — жазага тартылбаганы, деп эсептейт саясат таануучу.
«Ошондой эле үй башчылары үгүтчүлөргө караганда тажрыйбалуу, алар кара мүртөз үгүтчүлөрдөн да ашып түшөт. Үй башчылардын мындай аракеттери мыйзамсыз экени тушүнүктүү, эгер алар бардык ишти мыйзам чегинде жүргүзсө, активдүү үй башчы боло алмак эмес», — деп түшүндүрдү Төлөгөнов.
Эмнеге партиялар пикир лидерлери менен эмес үй башчылары менен иштөөнү калашат?
Саясат таануучу үй башчылары менен иштөө пайдалуураак деп эсептейт. «Партиялык менеджменттин көз карашы менен карай турган болсок, ар бир участкадан так канча добуш алаарыңды эсептей аласың. Кепилдиктин ыктымалдуулугун эсептөөгө болот. Пикир лидерлери менен бардыгы эле түшүнүктүү боло бербейт: [Соц тармактагы посттордун астындагы] лайктардын саны добуштун кепилдиги эмес», — деп түшүндүрдү саясат таануучу.
Ошондой эле үй башчысын жалдоо менен, партия бир гана үгүтчүнү эмес, бүтүндөй бир топтко ээ болот. «Алардын формалдуу эмес уюшкан структурасы бар, — деп түшүндүрдү Төлөгөнов. — Алардын жөн эле үй башчылары экени түшүнүктүү, бирок алардын дайыма жардамчылар менен ыктыярчылар тобу бар — подъезддин башкаруучулары менен активдүү чоң апалар. Андыктан үй башчыларды жалдагандар чындыгында чакан уюмдарды жалдашат».
Эмнеге эл үй башчыларын угушат?
Саясат таануучу иштин баары ишенимде деп эсептейт. «Алар жашоочулар менен тең-ата мамиледе сүйлөшүп, жашоочулардын жеке маалыматтарын билишет — тургундар аларга ишеним артып көнүп калган. Ошондой эле, үй башчылары белгилүү бир коомдук көйгөйдү чечүү менен кадыр-баркка ээ болгон — эми алар коомдук денгээлдеги кадыр-баркка ээ, алардын сөзүн угуу мааниге ээ. Үй башчылары көбүнчө тургундар менен достук мамиле түзүшөт, бул болсо ишенимдин деңгээлин жогорулатат», — деп кошумчалады Төлөгөнов.
Шайлоочулардын талапкерлер менен болгон мамилесинде үй башчылар брокердин ролун аткарат: алар бир эле учурда эки тарапка тең убада берүүгө аракет кылышат. «Эгер тургундарга [шайлоо алдындагы убадалар] үй башчылары аркылуу сунушталса, демек бул шайлоочулар үчүн кандайдыр бир кепилдик болуп эсептелет», — дейт Төлөгөнов.
Үй башчылары менен иш алып баруу шайлоого катышпаган же кимге добуш берүүнү чеч албай жаткандарга таасир этүүдө өтө эффекивдүү деп белгилейт саясат таануучу. «Шайлоочулардын бул эки түрүнүн окшош жагы бар. Алар: “Мен шайлоого барсам, добушум жөндөн жөн калып кетпеш керек” деп ойлойт. Алар өзүнүн чечимин рационалдаштырууга, прагматикалык ой жүгүртүүгө, пайда көрүүнү ойлонууга аракет кылышат», — дейт ал.
Эмне үчүн жарандар жашоону жакшыртуу сыяктуу арзан добуш сатып алууга алданышат?
Негизги себеп: эл жолдорду, балдар ойноочу аянтчалар менен көчөдөгү жарыктарды добуш сатып алуу катары кабыл албайт. Алар муну баарынын кызыкчылыгы үчүн деп эсептешет.
«Колго берилген акча — жеке пайда, коммерциялык келишим, [добуштарды] сатуу же сатып алуу, ал эми короодо курулган нерсе — жашоочулар үчүн деген түшүнүк бар. Адамдар муну балдарга, кошуналарга, жада калса добуш берүүгө барбагандар үчүн пайда катары баалайт. [Жашоону жакшыртуу] акчаны бөлүштүргөнгө караганда моралдык жактан жогору [кабылданат]», — деп түшүндүрөт Төлөгөнов шайлоочунун логикасын.
Шаарды өзгөртүү боюнча масштабдуу, узак мөөнөттүү программаларга баарына эле кызыктуу боло бербейт, көпчүлүгүн тез, конкреттүү өзгөрүүлөр кызыктырат. «Эгерде конкреттүү акча болбосо дагы, жок дегенде отургучтар, оюн аянтчалары же жарык сыяктуу өзүңүз, үй-бүлөңүз үчүн сезиле турган материалдык нерсе болушу керек. Сезилчү нерсе, добушум үчүн мен конкреттүү кандай жооп алам? деген суроого жооп берет», —деп кошумчалайт Төлөгөнов.
Эмне үчүн бийлик мыйзам бузууга көңүл бурбайт?
Шайлоо алдындагы жашоону жакшыртуу иштеринде добуш сатып алуу болгондугун далилдөө кыйын дейт саясат таануучу, ал эми укук коргоо органдары далилдөөгө кыйын болгон иштер менен алек болгусу келбейт.
«Түздөн түз добуш сатуу менен иштөө оңой: пара берип жатып кармалды — болду. Ал эми жашоону жакшыртуу жүзүндөгү добуш сатып алууда кыйынчылык жаралат: ремонт же куруу иштери аванс менен эртерээк жасалышы мүмкүн же тескерисинче кечирээк. Кээде узак убакыт сөз берүү менен уланат. Ошондуктан бул жерде юридикалык кыйынчылык жаралат: ремонт иштери качан башталган, аларды кантип байкоо, документтерди кантип кароо керектиги түшүнүксүз. Турмушта бул нерсе кандай болоорун билбейм, ал [жашоону жакшыртуу шайлоо алдында] аванс менен же постфактум болгонун элестетүүгө аракет кылам. Эгер постфактум болсо, кыйын механизм болот: сөз берүүнү да далилдөө керек», — дейт ал.
Үй башчылар да саясат таануучулар
Үй башчылары ким менен иштөөнү тандоодо бир нече факторду эске алуусу керек болот. Биринчиси — материалдык пайда: кайсы партия көбүрөөк төлөсө, үй башчы ошол партия үчүн үгүттөйт.
Бирок көп учурда үй башчыларынан шайлоого катышкандардын белгилүү санын жана добуштардын конкреттүү көрсөткүчтөрүн талап кылышат. Бул учурда үй башчылары анын районундагы жашоочулар колдогон партияны үгүттөөгө киришет.
Дагы бир фактор — бийликтин түзүлүшү. Мындан аркы кызматташууда жашоочулардын кызыкчылыгын коргоо үчүн үй комитети колдогон партия же талапкер бийликке жакын болууга тийиш.
Райондогу көйгөйлөрдү чечүүдө үй башчылары жогору тараптын, аткаминерлердин басымына дуушар болушат. Аткаминерлер үй башчыларына кимди депутат катары көргүсү келгенин түз эле айтышы мүмкүн.
Ошентип, шайлоодо акча табып, шайлоого катышкандардын керектүү санын камсыздоо менен бирге, тургундарга берген убадаларды аткаруу үчүн үй башчылары ар жолку шайлоо өнөктүгүндө саясат таануучу болушу керек болот.
«Алар үчүн узак мөөнөттүү мамилени күтүү кыйын — талапкерлер алмашып турат. Бирок белгилүү бир талапкерлер белгилүү бир жерде узак убакыттан бери үгүт иштерин жүргүзүп, ошол жердеги үй комитеттери менен кызматташтыкты түзгөн учурлар сейрек болсо да, кездешет», — деп жыйынтыктады Төлөгөнов.
Авторлор: Гүлзар Маратбек кызы, Аяна Сыдыгалиева
Айзирек Алмазбекова, Айгерим Казыбаева
Кыргызчалаган: Найзабек Мукамбетов