Матраимовдун соттолгон «табакташы» Нурлан Ражабалиев шайлоого аттанды

Коррупция үчүн соттолгон Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Нуржан Ражабалиев Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн талапкерлигин көрсөттү. Ал Баткендеги №2 бир мандаттуу округдан ат салышат.

Нурлан Ражабалиев. Сүрөт: Кабар 

БШКнын маалыматына ылайык, ал шайлоого катышуу арызын 7-октябрда тапшырган.

Ражабалиев деген ким?

Нурлан Ражабалиев 2021-жылдын февралында бажыдагы коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 260 миң сом айыпка жыккан. Ошол эле учурда сот Ражабалиев 12 млн сом өлчөмүндө зыянды төлөп бергенин билдирген.

Ражабалиев Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча дагы бир башка бажычы Абдыбахаб Боронбаев менен бирге айыпталган. Боронбаев дагы күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган. Ал мамлекетке 8 млн сом зыянды төлөп берген.

Матраимов тергөө менен кызматташууга барганда Ражабалиев менен Боронбаевге каршы көрсөтмө берген. Ражабалиев Түштүк-Батыш бажысынын, ал эми Боронбаев Түндүк-Чыгыш бажысынын башчысы болгон.

Сотто алар Матраимов сыяктуу эле бажыдагы коррупция иши боюнча тергөө менен кызматташууга барышканын белгилешкен.

Мурдараак ушундай эле айыпка Матраимов дагы жыгылган. Ал дагы коррупцияга аралашканын мойнуна алып, 260 миң айыпка жыгылган. Ага чейин мамлекетке келтирген зыяндын ордуна 2 млрд сом төлөп, ал эми сот анын мүлкүн камактан чыгарган.

Матраимовдун иши

Райымбек Матраимов. 

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Абдукадырдын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган.

Жалпысынан Абдукадырдын кланы Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ долларын чыгарып кете алган — бул журналисттер далилдеп берген гана сумма.

Матраимов 2017-жылдын аягында кызматынан бошотулгандан кийин бажы бизнесинде калган — бул ирет ал Кыргызстандагы үч маанилүү бажы терминалын көзөмөлгө алган. Тааныш-билиш жана байланыштары аркылуу ал жүктүн бардыгы дал ушул терминалдар аркылуу өтүшүн колго алган.

Матраимов менен Абдукадырдын схемалары «Азаттык», «Клооп», OCCRP жана Bellingcat’тин биргелешкен иликтөөлөрүнүн арты менен коомчулукка белгилүү болгон.