Акыркы суткада коронавирустан үч адам каза болуп, 91 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 14-октябрга карата коронавирустун 91 жаңы учуру катталды, үч бейтап каза болду. Илдеттен 87 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 57;
  • Чүй облусунда — 17;
  • Ысык-Көл облусунда — 9;
  • Ош шаарында — 3;
  • Жалал-Абад облусунда — 2;
  • Талас облусунда — 1;
  • Ош облусунда — 1;
  • Нарын облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 179 583кө жетти. Ал эми өлкө боюнча 174 407 киши вирустан айыкты. Пандемияда жалпы 2627 адам көз жумду.

Учурда ооруканаларда 455 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 596.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 14-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 6 051 адам, ал эми экинчи дозасын 5 236 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.