Байкоочу, кайдасың?!

Жакынкы күндөрү, 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депуттатарын шайлоо өтөт. Бул шайлоо жаңы система менен өтөт: эми парламентте 120 эмес, 90 депутат болот — 54 депутат партиялык тизме менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан тандалат.

Ооба, система жаңы, бирок, бул шайлоодо мыйзам бузуу болбойт дегенди түшүндүрбөйт. Ошондуктан биз байкоочулардын кезектеги тобуна кабыл алууну жарыялайбыз.

Бизге ким керек?

Парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн бизге 1500 адам керек. Байкоочунун милдети — шайлоо алдындагы үгүт ишинен баштап акыркы протоколдорду текшерүүгө чейин шайлоого таасир эте турган кыймыл-аракеттин бардыгын көзөмөлдөө.

Жаш курагы 18ден ашкан, Кыргызстандын ар бир жараны байкоочу боло алат. Тили, жашаган жери жана жашоого болгон көз карашы маанилүү эмес. Болгону бир аз чектөөлөр бар.

Эгерде сиз төмөнкү тизмеге кирсеңиз байкоочу боло албайсыз:

  • Жогорку Кеңештин же жергиликтүү кеңештин депутаты болсоңуз;
  • Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болсоңуз;
  • Мамлекеттик кызматта жетекчи болсоңуз;
  • Шайлоо комиссиянын мүчөсү болсоңуз;
  • Талапкердин/партиянын өкүлү же байкоочусу болсоңуз;
  • Сот, прокурор, аскер кызматкери же башка укук коргоо органдарынын кызматкери болсоңуз;

Бир сөз менен айтканда, эгер мамлекет үчүн иштебесеңиз, саясий партиянын өкүлү болбосоңуз, армияда кызмат өтөбөсөңүз жана Жогорку Кеңешке шайланууну ойлобосоңуз, анда биз издеген адам сизсиз! Тартынбай эле анкета толтура бериңиз!

Эмне кылуу керек?

27-28-ноябрда, көчмө добуш берүү күнү жана негизги шайлоо күнү сиз участкада болуп, таңкы саат 7ден, түн жарымына чейин участкадагы мыйзам бузууларга көз салып, байкоо жүргүзүшүңүз керек. Качан гана колуңарга протоколдун көчүрмөсү — шайлоонун жыйынтыгын тастыктоочу документти алмайынча кетпейсиз,

Мага үйрөтүшөбү?

Албетте! Биздин укук тармагындагы адистер, журналисттер менен видеографтар мыйзам бузууларды аныктоону, камерага тартып алууну, доо арыз жана акты түзүүнү үйрөтүшөт.

Шайлоо күнү мыйзам бузуулардын бардыгы «Клооптун» сайтына жарыяланат — аны эбегейсиз чоң аудитория көрөт.

Сизге туруктуу интернет байланышы, смартфон жана күнүнө бир нече саат бош убакыт керек болот.

Окутуунун аягында тест тапшырасыз, тренингдерди канчалык деңгээлде натыйжалуу өздөштүргөнүңүз текшерилет. Тесттин жыйынтыгы менен 1500 байкоочу тандап алабыз.

Менин иш ордум кайсыл жерде болот?

Сиз өзүңүз жашаган райондогу, шаардагы же айылдагы шайлоо участогун тандай аласыз. Эгер кандайдыр бир себептерден улам үйүңүздүн жанындагы участкада байкоо жүргүзүүнү каалабасаңыз башка жерди тандасаңыз дагы болот. Эч кандай чектөө жок, бирок шайлоо күнү жумуш ордуңузга өзүңүз, кечикпей жетишиңиз керек болот.

Коркутууга дуушар болсомчу?

Эгерде байкоочу болуп иштеп жатып, сиз кандайдыр бир агрессияга же басымга туш болсоңуз, биз тез арада юридикалык кеңештен (телефон аркылуу же жеке) тартып, ыкчам эвакуацияга чейин — бардык зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даярбыз.

Аткарган ишибиз үчүн акы төлөнөбү?

Ооба, төлөнөт. Ар бир адал эмгек үчүн акы төлөнүшү керек деп эсептейбиз. Бир күн байкоо жүргүзүү үчүн 5000 сом, эки күндүк байкоо жүргүзүүгө 6000 сом төлөнөт, акча банк аркылуу байкоочунун паспортуна которулат.

Биздин алдамчылардан коргой турган системабыз бар экенин эскерте кетели: шайлоо күнү ишке чыкпай эле акча алабыз деген болбойт.

Биздин байкоочу болгуңуз келеби? Анда төмөндөгү анкетаны толтуруңуз:

https://kloopmedia.github.io/GigaTurnipTaskView/#/ 

Биздин телеграмдагы тайпабызга кошулганды унутпаңыз:

https://t.me/joinchat/Z6HAqYoJ60czZTdi