Алтынбек Абдувапов Салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Алтынбек Абдувапов / Илияз Иманбетов

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-октябрда Алтынбек Абдуваповду мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кылып дайындады. Абдувапов буга чейин ведомствонун төрага орун басары кызматын ээлеп келген.

Ал эми Салык кызматынын буга чейинки жетекчиси Илияз Иманбетов каржы министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Буга чейин Каржы жана экономика министринин биринчи орун басары кызматын Алмаз Бакетаев ээлеген.

Иманбетов жана Абдувапов

Иманбетов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп үстүбүздөгү жылдын апрель айында дайындалган. Ал эмгек жолун 1998-жылы Салык кызматынын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгында инспектор катары баштаган. 2005 -жылы Иманбетов облустук башкармалыктын башчысы болуп дайындалган.

Ал эми 2007-жылы Иманбетов Салык кызматынын Чыгыш региондор аралык башкармалыгына, 2014-жылы Ош шаарындагы башкармалыгына которулган. Бир жылдан кийин ал Чүй облусунун Аламүдүн районундагы бөлүмдү жетектеп баштаган. 2020-жылы ал бөлүмдүн башчысы болуп, ЕАЭБ ичинде кыйыр салыктар менен иштешкен.

Салык кызматынын жаңы төрагасы Алтынбек Абдувапов үстүбүздөгү жылдын июнь айынан тарта мекеменин төрага орун басары болуп келген. Ал 2011-жылдан тарта салык системасында иштеп жатат.

Мамлекеттик кызматка чейин Абдувапов «Динь-Чинь» оптика борборунун директору, ошондой эле «Техноткань» жана «БИЕК Карго» компанияларынын менеджери болуп иштеген.