Акыйкатчы институту Сузак райондук ооруканасы талапка жооп бербей турганын айтты

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ооруканасы санитариянын ченемдерине жана калктын саламаттыгынын коопсуздугун камсыздоо талаптарына «таптакыр жооп бербейт». Бул тууралуу 15-октябрда Акыйкатчынын аппараты билдирди.

Маалыматка ылайык, аппараттын жетекчиси Аскат Азарбеков баштаган кызматкерлердин тобу «Укук кербени» долбоорунун алкагында ооруканага мониторинг жүргүзгөн.

Анда атайын топ төмөнкү көрүнүштөргө туш болгон:

  • оорукананын тепкичинен тарта коридоруна чейин кир, дубалдар көчкөн, шыптар көгөрүп кеткен, чатырдан суу тамчылап калган;
  • палаталардын терезелеринин алкактарындагы тешиктерден шамал кирип турат — суук түшүшү менен алар атайын клеенка менен чапталат, бул палаталарды талаптагыдай желдетүүгө шарт түзбөйт;
  • палаталарда жуунуучу жайлар жок, бейтапкананын жападан жалгыз душ бөлмөсү иштебейт — ал жерде чарба буюмдары сакталат;
  • бейтапкананын эки бөлүмү үчүн бир гана ажаткана бар. Оорукананын палаталары төрт кишиге гана ылайыкталганына карабастан, ал жерде алтыдан бейтап жатат.
  • экинчи кабатта жайгашкан хирургия бөлүмүнүн үчтөн бир бөлүгү балдар бөлүмүнө берилген. Эки бөлмөнүн тең абалы начар, дубалдарда жарака кеткен, вентиляциялык тутум жоктугунан шыптарды көк баскан. Терезелери да ушундай абалда.

Мындан сырткары атайын топ бейтаптар менен маектешкен. Анда алар мамлекет тарабынан акысыз берилиши керек болгон айрым дары-дармектерди өз каражатына сатып аларын айтышкан.

Анткен менен алар медициналык тейлөөнүн абалы жана дарыгерлер жөнүндө жакшы пикирин айтып, оорукананын имаратынын абалы гана кейиштүү экенин билдиришкен.

Оорукананын башкы дарыгери канча аракет болбосун абалды жакшыртуу мүмкүн эмес деп айткан. Муну ал «оңдоп-түзөө иштерине тендер жарыялоого мараторий коюлганы менен» түшүндүргөн.

Ал эми бейтаптар акысыз берилчү дарыларды сатып алганын «медикаменттерди жабдып турууга жана таңуучу материалдар боюнча тендер үзгүлтүккө учураганда ушундай учурлар келип чыгат» деп негиздеген.

«Ооруканабыздын имараты эскилиги жеткен, алар советтик доордо курулган жана кыйла аз адамга эсептелген болчу. Азыркы учурда Сузак районунун калкынын саны бир топ өскөн, ден соолугунан көйгөйү бар бейтаптардын саны жыл сайын көбөйүүдө, ошол себептен бейтапканын бөлүмдөрү ар дайым толуп-ташып турат», — деген башкы дарыгер.

Саламаттык министрлигинен «Клоопко» учурда маалымат такталып жатканын, андан соң кандай чаралар көрүлөөрү белгилүү болорун айтышты.