COVID-19: Акыркы суткада эки адам каза болуп, 68 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 18-октябрга карата коронавирустун 68 жаңы учуру катталды, эки бейтап каза болду. Илдеттен 45 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 54;
  • Ысык-Көл облусунда — 9;
  • Чүй облусунда — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 2;
  • Талас облусунда — 1;

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 179 913кө жетти. Ал эми өлкө боюнча 174 692 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2636 адам көз жумду.

Учурда ооруканаларда 542 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 539.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 18-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 876 адам, ал эми экинчи дозасын 619 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.