Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматын Улан Сарбанов жетектейт

Улан Сарбанов (сол жакта) жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев. Сүрөт: Мамфинкөзөмөлдүн маалымат кызматы.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчылыгына Улан Сарбанов дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Сарбанов 1993-2006-жылдары Улуттук банктын төрагасы болгон. Эмгек жолунда бир катар коммерциялык банктарда иштеген.

Массалык митингдер жана нааразылыктардан кийин Кыргызстанда бийлик алмашкан 2005-жылдын 24-март окуялары учурунда Улуттук банктын Жалал-Абад шаарындагы өкүлчүлүгүнө кол салуу болгон.

Ошондо Сарбанов 126 млн сом уурдалып кеткенин билдирген. Бирок «белгисиз жана түшүнүксүз адамдар менен» узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин сумманын көп бөлүгү калыбына келтирилген. Болгону 22,7 млн сом табылбай калган.

Сарбанов Улуттук банктын төрагалыгынан 2006-жылдын март айында «финансисттердин ишиинин» алкагында бошотулган — Башкы прокуратура Сарбановго 1999-жылы «качкын президент Аскар Акаевге мыйзамсыз түрдө 420 миң доллар берген» деген айып таккан. Тергөө учурунда Сарбановду Улуттук банктын төрагасы кызматынан четтетишкен.

2006-жылдын апрель айында Бишкек шаарынын Биринчи май райсоту Сарбанов баштаган «финансисттердин иши» боюнча айыпталгандарды актаган. Ошондо Башкы прокуратура чечимди даттануу үчүн доо арыз берип, кийин кайра чакыртып алган.

Кийин 2010-жылы Сарбанов Улуттук банкка кайтып келген. Анда банктын башкармалыгынын башчысынын кеңешчиси болгон.