Чек ара жаңжалы: Жергиликтүү бийлик атайын эсепке түшкөн каражаттар боюнча отчёт берди

Economist.kg басылмасы президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүү үчүн облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине келип түшкөн каражаттын жумшалышы боюнча отчёту менен бөлүшкөнүн кабарлады.

Отчётко ылайык, кыйраган айылдарда 140 турак үй курулду, анын ичинен Лейлек районунда 100 үй колдонууга берилди. Калган 40 үйдүн курулушу аяктап калды: Ак-Сай айылында 9 үй толугу менен бүттү, 31 үй жакын арада колдонууга берилет. Ошондой эле, турак-жай курууга ишкерлер жардам беришти, алардын жардамы менен 36 үй курулду. Андан сырткары, ачык эсепке 119 млн 659 тысяч сом жарандардан келип түшкөн.

«Мамкурулуш 72 млн 683 миң сомго тендер жарыялаган. Атайын комиссиянын макулдугу менен 52 млн 98 миң сомго иштер аткарылган, дагы 20 млн 584 миң сом алдыдагы аткарылуучу иштерге бөлүнүп берилет», — деп айтылат отчётто. Курулуштан тышкары жаңжалда жабыркаган 16 жарандын дарылануусуна жана 50 баланын эс алуусуна 1млн 799 миң сом бөлүнгөн.

«Калган 65 млн 847 сом аймактын жашоочулары жана жергиликтүү бийлик менен макулдашылгандан кийин, минкабдын төрагасы башчылык кылган атайын комиссиянын чечимине ылайык жумшалат», — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Райондор боюнча бөлүштүрүү

Лейлек району боюнча акча каражаттары:

  • Баткен жана Лейлек райондорундагы 140 үйгө жылытуу киргизүү үчүн 33 млн 813 миң сомго келишим түзүлүп, анын 16 млн 906 миң 606 сому которулду;
  • Максат айылынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 12 млн 830 миң сомго келишим түзүлгөн, анын 12 млн 492 миң сому которулду;
  • Максат айылынын кире беришине арка салуу үчүн 1 млн 798 миң сомго келишим түзүлгөн, 899 миң сом которулду;
  • Максат айылын жарыктандырууга 7 млн 181 миң сомго келишим түзүлүп, анын 6 млн 590 миң 600 сому которулган.

Баткен району боюнча акча каражаттары:

  • Таш-Тумшук айылындагы үйлөргө тосмолорду орнотуу үчүн 3 млн 699 миң сомго келишим түзүлгөн,анын 1 млн 849 сому которулду;
  • Ак-Сай айылындагы «Сулууданги Ак-Сай» суу сактагычын калыбына келтирүүгө 1 млн 273 миң сомго келишим түзүлгөн жана көрсөтүлгөн сумма толук которулду;
  • Ошондой эле, отчетто куралдуу жаңжал учурунда жакындары каза тапкан 36 үй-бүлөнү колдоо үчүн кошумча каражаттар сарпталгандыгы айтылган. Ошондо, 36 үйдүн канализациясын курууга 8 млн 681 миң 188 сом, бул үйлөрдүн айланасын тосууга 3 млн 847 миң сом бөлүнгөн.

Өкүлчүлүктүн атайын эсебинде азыркы күндө дагы 65 млн 847 миң 283 сом акча каражаты бар. Анын 20 млн 584 миң 349 сому жумуштар аткарылып бүткөндө которулат. Калган 45 млн 262 миң 934 сом акча каражаты атайын комиссия менен макулдашуунун негизинде сарпталат.