ИИМ: Экс-президент Жээнбековдун карындашынын иши тергелип бүтө элек

ИИМдин тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев 19-октябрда өткөн маалымат-жыйында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун карындашы Гүлзат Кантөрөеванын иши боюнча тергөө уланып жатканын билдирди. Гүлзат Кантөрөева — Сооронбай Жээнбековдун маркум агасы Кантөрө Токтомаматовдун кызы

«Бул факты 2021-жылдын 26-мартында “Алдамчылык” беренеси менен катталган. Бул иш боюнча бир катар тергөө иштери жүргөн, иштин көлөмү көптүгүнө байланыштуу, бүгүнкү күндө дагы тергөө уланып жатат», — деп түшүндүрдү Дүйшөналиев.

Ошондой эле, ал октябрдын аягына чейин чечим чыгат деп кошумчалады.

Кантөрөеванын иши

Үстүбүздөгү жылдын 26-февралында Бишкектин тургуну Ленин РИИБиге бейтааныш адамдарга 2019-жылдын август айында 20 миң долларын жана 450 миң сомун алдырып ийгендиги боюнча арыз жазган. Арыз ээси аларга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Алдамчылык» беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө милиционерлер шектүүлөрдүн бири катары Гүлзат Кантөрөеваны кармашкан. Ленин райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, шектүү бир айга үй камагына чыгарылган.«Гүлзат Кантөрөеванын баш каргоо чарасы тууралуу 2021-жылдын 28-мартында сот прокурордун жардамчысынын аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандырганын маалымдайбыз», — деп билдирген Ленин райондук сотунун басма көз катчысы «Клооптун» журналистине .

Ленин РИИБден билдиришкендей, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кантөрөева арыз ээсине акчаларды толугу менен кайтарып берген.

Кантөрөева жөнүндө эмне белгилүү?

Кантөрөева 51 жашта, ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Экономика факультетинин «Банк» кафедрасын жетектейт. 2020-жылы атасы Кантөрө Шарипович Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте онлайн-конференцияда баяндама жасаган.

2019-жылдын июнь айында Kaktus.media басылмасынын макаласы жарык көргөн, анда журналисттер Кантөрөеваны Гүлзат Ташкулова деп аташкан. Ал жерде Кантөрө Токтомаматовдун дагы бир кызы — Нурзат Токтомаматова тууралуу дагы жазылган. Экөө тең «Ширин-Апа» кол өнөрчүлүк кооперативи аркылуу байланышат — Нуризат директор катары көрсөтүлсө, Гүлзат Ташкулова негиздөөчүлөрдүн курамында көрсөтүлгөн.