Коронавирустун 114 жаңы учуру катталып, эки киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 21-октябрага карата коронавирустун 114 жаңы учуру катталып, эки адам каза болду.

  • Бишкек шаары – 54 ;
  • Чүй облусу – 36;
  • Ысык-Көл облусу - 12;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Талас облусу – 4;
  • Баткен облусу - 4.

Ошондой эле, өткөн суткада 60 бейтап ооруканадан айыгып чыкты — айыккандардын жалпы саны 174 875 адамды түздү.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 180 223 адам коронавирус жуктуруп, 2 643 киши каза болду.

Бүгүнкү күндө 640 бейтап ооруканаларда, ал эми 560 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.