Нефтетрейдерлер: Күйүүчү майдын баасын кармап туруу токтобосо АЗСтер жабылышы мүмкүн

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы (КНА) өлкөдө бардык май куюуучу түйүндөр жабылып калуусунан тынчсызданып жатышат. КНАдан билдиришкендей бул күйүүчү жана дизелдинбаасын кармап туруунун жыйынтыгында келип чыгуусу мүмкүн.

Ассоциация белгилегендей, октябрда Орусия заводдорунан күйүүчү майды алып келүүнүн баасы кымбаттаганына байланыштуу республика боюнча 40тан ашык май куючу түйүн жабылган.

«Бүгүнкү күндө октябрь айында алынып келинген күйүүчү майдын наркы май куюуучу жайларда көрсөтүлгөн бензиндин 1 литрине болгон чекене баадан 8, 9 сомго кымбат», — деп белгиледи серепчилер.

Ассоциациядан жергиликтүү нефтетрейдерлер тогуз айдан бери олку-солку бааны бир калыпта кармап турганын белгилешти. Мисалы 2021-жылы Орусия заводдорунда АИ-92нин баасы 137%га кымбаттаса, жергиликтүү май куюучу жайларда болгону 59%га көтөрүлгөн.

Күйүүчү майдын баасы 82%га өскөнүнө карабай, жергиликтүү май куюуучу жайлардагы баалар 40%га гана өскөн.

«Бирок бааны бир калыпта кармап туруу мындан ары мүмкүн эмес. Чекене бааны жыл аягына чейин 2021-жылдын октябрь айындагыдай деңгээлде кармап туруунун жалгыз жолу — мунай продукциясына болгон салыкты убактылуу кайрап карап чыгуу», — деп белгилешти КНАдан.

Эмне кылса болот?

Ассоциация 2021-жылдын ноябрынан 31-декабрына чейин бензин менен дизелге болгон акциздик салыктын стакасын азайтып, ошондой эле, күйүүчү май ташуучуларды кошумча нарк салыгынан бошотууну сунуштап жатат.

«Эсептөөлөр боюнча, бул чаралар жылдын аягына чейин мунайдын баасынын литрине 8,9 сомго өсүүсүн жоюп, анын чекене баасын октябрь айынын деңгээлинде кармап тууруга мүмкүнчүлүк берет», — дейт нефтетрейдерлер.

Эгер бул чаралар көрүлбөсө, күйүүчү май рыногундагы абал эки сценарий менен өнүгүшү мүмкүн дейт ассоциация. Биринчи сценарий боюнча «рыноктук эмес баа коюлганда» чыгымдар акталбагандыктан өлкө боюнча май куюуучу жайлар жабылып баштайт. Экинчи сценарий боюнча, «күйүүчү май келбей калбашы үчүн» 2021-жылдын аягына чейин май куюуучу жайлардагы бааны этап-этап менен 8, 9 сомго кымбаттатуу керек.

Ассоциация баалардын этап-этап жогорулатуу төмөнкүчө болорун түшүндүрдү:

  • октябрда күйүүчү майдын чекене баасы литрине 1,5 сомго кымбаттайт;
  • ноябрда литрине 4,9 сом;
  • декабрда литрине 2,5 сомго.

Күйүүчү майдын баасы жогорулап жатканынын себеби эмнеде?

Ассоциация октябрда эмне себептен күйүүчү майдын баасы кескин түрдө өсүп кеткенин айтып беришти. Алардын маалыматы боюнча, бул Кыргызстан күйүүчү жана майлоочу майларды импорттоп алып келген Орусиянын заводдорунда сатуу баасы кымбаттаганына байланыштуу болууда.

Ал эми, өз кезегинде орусиялык заводдордогу баалардын өсүшүнө эки себеп негиз болгон:

  • Казакстан ички рыногундагы бензиндин дефицитин алдын алуу үчүн Орусиялык заводдордон 150 миң тонна мунай сатып алган;
  • Орусиянын эки ири заводу пландалган жылдык ремонтко жабылган.

Нефтетрейлерлер баанын өсүшүн биринчи жолу эле айтып жатышкан жок. Буга чейин айтылгандай, заводдордо баанын өскөнү жана жылдан-жылга өлкө керектеген мунайдын көлөмүнүн жогорулашы себеп болууда.