COVID-19: Акыркы суткада төрт адам каза болуп, 125 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. 

Кыргызстанда 22-октябрга карата коронавирустун 125 жаңы учуру катталды, төрт бейтап каза болду. Илдеттен 59 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 58;
  • Чүй облусунда — 36;
  • Ысык-Көл облусунда — 12;
  • Ош облусунда — 5;
  • Жалал-Абад облусу — 4;
  • Баткен облусу — 4;
  • Ош шаарында — 3;
  • Талас облусунда — 2;
  • Нарын облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 180 348ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 174 934 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2647 адам көз жумду.

Учурда 639 бейтап ооруканаларда, ал эми 622 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 22-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 6 067 адам, ал эми экинчи дозасын 4 498 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.