Бажы кызматынын башчылыгына Адилет Кубанычбеков дайындалды

Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат борборунан «Клооптун» журналистине мекеменин башчысы Саматбек Исабеков 26-октябрда отставкага кеткенин билдиришти.

Исабеков менен бирге анын орун басарлары Кыялбек Мукашев жана Кубаныч Шатемиров дагы кызматтан кетишти.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, үчөө тең «башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу» ээлеген кызматынан бошотулду. Бажы кызматына Исабековдун ордуна Адилет Кубанычбеков төрага болуп дайындалды. Ачык маалымат булактарда Кубанычбеков тууралуу маалымат аз. Юстиция министрлигинин маалымат базасына ылайык, ал дүң соода-сатык кылган «“Silk Way” индустриалдык паркы» компаниясынын башчысы болуп эсептелет.

Адилет Кубанычбеков «Silk Way» индустриалдык-логистикалык паркынын курулушуна капсула салынып жаткан кезде.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Анын ысымы министрлер кабинетинин 2018-жылы чыккан билдирүүсүндө дагы аталат. Анда аталган компания Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Silk Way» индустриалдык-логистикалык паркынын курулушуна капсула салган.

Ошондой эле Мукашев менен Шатемировдун ордуна Эрик Ирискулбеков менен Азамат Абдыкалыков дайындалганы белгилүү болду.

Ирискулбеков — юрист жана БШКнын мурдагы мүчөсү. Абдыкалыков тууралуу ачык булактарда маалымат жок.

Саматбек Исабеков Бажы кызматынын жетекчилигине 2021-жылы дайындалган. Ал «Клооп», OCCRP жана «Азаттык» радиосунун Кыргызстандан ири өлчөмдөгү акчаларды чыгарып кетүү тууралуу биргелешкен иликтөөсүнүн фигуранты.

Ал бажы кызматы өлкөдөн миилиондорду чыгарып кетип жаткандарга көз жумганы үчүн коррупциялык жол менен миңдеген доллар алып жатканын айтып берген.