Ушул күздө Жогорку Кеңешке шайлоо болот. 28-ноябрда сиздер менен бирге парламент депутаттарын шайлайбыз. Бул «Клооп» байкоочулук кылган бешинчи шайлоо болот. Бир гана апрель айында өткөн шайлоодо биз 840тан ашык мыйзам бузууларды аныктаганбыз. Биз мурдагыдай эле шайлоонун ачык-айкын өтөрүнө ишенбейбиз, бирок биргеликте аны акыйкат кылууга аракет кылабыз.

Ал үчүн командабызга жалпы республика боюнча добуш берүүнүн таза, ачык-айкын өтүшүнө көз сала турган 1500 байкоочуну алабыз.

Алдыдагы шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн катталуу ачылгандан тартып 2500дөн ашык адам каттоодон өттү. Алардын ичинен эң көбү Бишкек шаарында — 1114.

Биз Кыргызстандын ар бир аймагында шайлоого байкоо салгыбыз келет. Бирок ал үчүн бизге Бишкектен сырткары өлкөнүн башка бардык аймактарында байкоочулар жетишпей жатат.

Эгерде сиз же сиздин аймактарда жашаган жакындарыңыз байкоочу болгусу келсе, анда биз сиздерди күтөбүз!

Каттоо 3-ноябрь күнү саат 18:00дө аяктайт.

Бул макаланын аягындагы шилтемени басып каттоодон өтүңүз.

Ким байкоочу боло алат?

Жаш курагы 18ден ашкан, Кыргызстандын ар бир жараны байкоочу боло алат. Тили, жашаган жери жана жашоого болгон көз карашы маанилүү эмес. Болгону бир аз чектөөлөр бар.

Эгерде сиз төмөнкү тизмеге кирсеңиз байкоочу боло албайсыз:

  • Жогорку Кеңештин же жергиликтүү кеңештин депутаты болсоңуз;
  • Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болсоңуз;
  • Мамлекеттик кызматта жетекчи болсоңуз;
  • Шайлоо комиссиянын мүчөсү болсоңуз;
  • Талапкердин/партиянын өкүлү же байкоочусу болсоңуз;
  • Сот, прокурор, аскер кызматкери же башка укук коргоо органдарынын кызматкери болсоңуз;

Бир сөз менен айтканда, эгер мамлекет үчүн иштебесеңиз, саясий партиянын өкүлү болбосоңуз, армияда кызмат өтөбөсөңүз жана Жогорку Кеңешке шайланууну ойлобосоңуз, анда биз издеген адам сизсиз! Тартынбай эле анкета толтура бериңиз!

Эмне кылуу керек?

Байкоочунун милдети — шайлоого чейинки үгүт иштеринен баштап, жыйынтык протоколдорун текшерип баштоого чейинки шайлоого таасир этиши мүмкүн бардык нерселерге байкоо жүргүзүү.

27-28-ноябрда, көчмө добуш берүү күнү жана негизги шайлоо күнү сиз участкада болуп, таңкы саат 7ден, түн жарымына чейин участкадагы мыйзам бузууларга көз салып, байкоо жүргүзүшүңүз керек. Качан гана колуңарга протоколдун көчүрмөсү — шайлоонун жыйынтыгын тастыктоочу документти алмайынча кетпейсиз.

Мага үйрөтүшөбү?

Албетте! Биздин укук тармагындагы адистер, журналисттер менен видеографтар мыйзам бузууларды аныктоону, камерага тартып алууну, доо арыз жана акты түзүүнү үйрөтүшөт.Шайлоо күнү мыйзам бузуулардын бардыгы «Клооптун» сайтына жарыяланат — аны эбегейсиз чоң аудитория көрөт.Сизге туруктуу интернет байланышы, смартфон жана күнүнө бир нече саат бош убакыт керек болот.

Окутуунун аягында тест тапшырасыз, тренингдерди канчалык деңгээлде натыйжалуу өздөштүргөнүңүз текшерилет. Тесттин жыйынтыгы менен 1500 байкоочу тандап алабыз.

Менин иш ордум кайсыл жерде болот?

Сиз өзүңүз жашаган райондогу, шаардагы же айылдагы шайлоо участогун тандай аласыз. Эгер кандайдыр бир себептерден улам үйүңүздүн жанындагы участкада байкоо жүргүзүүнү каалабасаңыз башка жерди тандасаңыз дагы болот. Эч кандай чектөө жок, бирок шайлоо күнү жумуш ордуңузга өзүңүз, кечикпей жетишиңиз керек болот.

Коркутууга дуушар болсомчу?

Эгерде байкоочу болуп иштеп жатып, сиз кандайдыр бир агрессияга же басымга туш болсоңуз, биз тез арада юридикалык кеңештен (телефон аркылуу же жеке) тартып, ыкчам эвакуацияга чейин — бардык зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даярбыз.

Аткарган ишибиз үчүн акы төлөнөбү?

Ооба, төлөнөт. Ар бир адал эмгек үчүн акы төлөнүшү керек деп эсептейбиз. Бир күн байкоо жүргүзүү үчүн 5000 сом, эки күндүк байкоо жүргүзүүгө 6000 сом төлөнөт, акча банк аркылуу байкоочунун паспортуна которулат.Биздин алдамчылардан коргой турган системабыз бар экенин эскерте кетели: шайлоо күнү ишке чыкпай эле акча алабыз деген болбойт.

Биздин байкоочу болгуңуз келеби? Анда төмөндөгү анкетаны толтуруңуз:

https://kloopmedia.github.io/GigaTurnipTaskView/#/

Телеграммдагы байкоочулардын тайпасына кошулуңуз:

https://t.me/joinchat/Z6HAqYoJ60czZTdi

Текстин жазган: Айгерим Казыбаева, Бекмырза Исаков