COVID-19: Акыркы суткада 124 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык штабдын 27-октябрга карата маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун 124 жаңы учуру катталды. Ал эми илдеттен үч бейтап каза болду.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары — 65;
  • Чүй облусу — 28;
  • Ысык-Көл облусу — 13;
  • Жалал-Абад облусу — 10;
  • Талас облусу — 4;
  • Баткен облусу — 4.

Ошондой эле, акыркы суткада 106 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен өлкө боюнча 175 302 киши оорудан айыкты. Учурда ооруканаларда 688 бейтап дарыланып жатат. Ал эми 692 адам үй шартында дарыланууда.

Мындан сырткары, өлкөдө пандемия башталгандан бери 2661 киши көз жумду.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, 27-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинаны 11 706 адам алды. Анын ичинен биринчи дозасын 6186 адам, ал эми экинчи дозасын 5520 адам алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.