Кымбатчылык жана жумушсуздук. Кыргызстандыктарды эң көп ойлонткон суроолор

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын жашоочуларынын арасында 2021-жылдын июль айында жүргүзүлгөн сурамжылоону жарыялады. Институт маек алуу үчүн компьютердик технологияларды колдонуу менен мобилдик жана стационардык телефондорду пайдаланган.

Изилдөөгө 18 жаштан өйдө курактагы 1200 киши тандалып алынган. Институттун адистери сурамжылоого Кыргызстандын жети облусун, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларын камтыган. Сурамжылоого жооп бергендердин көбү 18 жаштан 35 жашка чейинки жарандар.

Өлкөнүн көйгөйлөрү кыргызстандыктардын көзү менен

IRIнин изилдөөсү боюнча, биздин өлкөдөгү ТОП-3 оорчундуу көйгөйлөргө кымбатчылык, жумушсуздук жана коррупция кирет.

Сурамжылоо пандемия күчөп турган июль айында жүргүзүлгөнүнө карабай COVID-19 көйгөйү тизмеде төртүнчү болгон (49%). Таза суу көйгөйү рейтингде бешинчи орунда (27%). Ал эми жакырчылык (24%) жана саламаттык сактоо (23%) алтынчы жана жетинчи орунга чыккан.

IRI 2020-жылдын декабрь айында ушундай эле изилдөө жүргүзгөн. Анда кыргызстандыктар олутту көйгөй деп жумушсуздукту биринчи орунга коюшкан, андан кийин коррупция, ал эми үчүнчү орунда баалардын өсүшү болгон.

2021-жылдын февраль-март айларында институт кайрадан изилдөө өткөргөн. Анда мурдагы жылдын декабрындагыдай эле алгачкы олутту үч көйгөй — жумушсуздук, коррупция жана баалардын өсүшү болгон.

Жогорудагы эки сурамжылоого тең 18 жаштан жогору болгон Кыргызстандын бардык аймактарынан 1200 адам катышкан.