Сузакта 15 жаштагы өспүрүм кызды «КамАЗ» басып калды. Ал жеринде каза тапты

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 15 жаштагы окуучу кызды таш жүктөлгөн «КамАЗ» басып калып, ал жеринде каза тапты. Бул тууралуу «Клоопко» облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык 31-октябрда саат 17:40 чамасында Жыгач-Коргон айылынын Чойбек Палван көчөсүндө орун алган. Октябрь айылынын тургуну таш жүктөлгөн «КамАЗ-5511» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын башкара албай, транспорт жолдун оң тарабына оодарылып кеткен.

Анын кесепетинен жол четинде бараткан окуучу жүк ташуучу унаанын астында калган. Кыз аймактагы №25 Тажибаев мектебинде 10-класста окуган. 

Аталган факт боюнча «Жол кырсыгы» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Милициядан «КамАЗдын» айдоочусу сурак берип жатканын белгилешти.