Медиакоомчулук КТРКга кайрадан мамлекеттик макам берүүгө каршы чыкты

Бийлик Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) макамын мамлекеттик канал деп өзгөртүүнү каалайт. Атап айтканда, Садыр Жапаров телеканал Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын гана көздөп калганын айтып чыккан.

Бирок медиакоомчулук КТРКны ушундай жол менен реформалоого каршы чыкты. Алар телерадиокорпорация мамлекеттик болуп өзгөртүлгөндөн кийин кайрадан бийликтин аянтына айланат деп эсептешет.

КТРКнын курамына 6 телеканал: «КТРК», «КТРК Музыка», «Маданият-Тарых-Тил», «Баластан», «КТРК Спорт», «Ала-Тоо 24» жана беш радио кирет. Сүрөт: КТРК

Мамлекеттин кызыкчылыгын коргошу керек

Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы маалымат жыйынында КТРКнын байкоочу кеңеши алдына коюлган тапшырманы аткара албай жатканын айткан. Ал телеканал «мамлекеттин кызыкчылыгын» коргошу керек деп белгилеген.

«КТРК боюнча [айта турган болсок] башкы директорду шайлоо жолу менен тандайбыз деп коюп, мамлекеттин саясатын жүргүзбөй эле, байкоочу кеңештеги 15 кишинин сегизинин көзүн карашат [...] Анткени, көпчүлүк добушту алыш керек. Ошондуктан биз [КТРКны] реформа кылабыз деген планыбыз бар, муну жашырбайбыз. Канал мамлекеттин ишин кылышы керек, жеке кызыкчылыктар үчүн эмес. Мамлекеттин идеологиясын чагылдырып, социалдык көрсөтүүлөрдү бериши керек», — деген ал.

Ошондой эле, жакында эле минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов телеканалдын ишин сынга алган. Ал жекшемби күнү таң эрте КТРК каналында жаш балдардын психикасына терс таасир берүүчү криминалдык драма көрсөтүлгөнүнө нааразы болгон.

Буга чейин «Кыргыз телерадиокорпорациясы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү коомдук талкууга коюлган. Ал «ЖМК жөнүндө» жана «Журналисттин адистик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндөгү» мйызамдар менен катар инвентаризациядан өтө турган мыйзамдардын тизмесине кирген.

Садыр Жапаров жыл башында мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча жарлыкка кол койгон. Ошол эле кезде, кайра кароо сунушталган 359 мыйзамдын ичинен ЖМКга тиешелүү мыйзамдар тез арада кароодон өткөн.

Ошентип бийлик «ЖМК жөнүндөгү» жана «Журналисттин адистик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндөгү» мыйзамдарга ири өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана КТРКны реформалоону көздөп жатат.

Медиакоомчулук эмне дейт

29-октябрда «Медиа Полиси Институту» 15 медиа, журналисттер жана редакторлор кол койгон медиакоомчулуктун кайрылуусун жарыялаган.

Анда алар маданият министрлигинен «Кыргыз телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну өтүнгөн.

КТРКнын имараты. Сүрөт: КТРК

«Мындай билдирүү таратууга колдонуудагы мыйзамда белгиленген демократиялык принциптер толугу менен жокко чыкканы негиз болгон. Мыйзам долбооруна карата негиздеме-маалымкатта келтирилген көйгөйлөрдү мыйзамдын мазмуну эч чечпейт», — деп айтылат кайрылууда.

«Медиа полиси институтунун» маалыматына таянсак, мыйзам долбоору аркылуу телеканалдын коомдук деген макамы улуттук мамлекеттик деп өзгөртүп, КТРКнын байкоочу кеңешин жоюп салуу сунушталган.

Медиакоомчулук мындай кадам «каналдын ишмердүүлүгүнө коомдук байкоочулук кылган институттун жоюлушуна алып келет» деп эсептейт.

Мындан сырткары, мыйзам долбоорунда КТРКнын башкы директорун дайындоону ыйгарым укукту мамлекеттик органдын сунушу менен президентке берүү сунушталган. Азыр директорду корпорациянын Байкоочу кеңеши сынак жарыялап, андан соң талапкерлерге добуш менен тандайт.

Медикоомчулук азырынча директорду шайлоо ачык болууда, эгерде кимдир бирөө дайындай турган болсо бул мүмкүн болбой калат деп эсептейт.

Маданият министрлигинин экс-төрагасы жана КТРКнын башкы директорунун м.а. Кайрат Иманалиев. Сүрөт: «Кабар»

«Маданият министрлиги телеканалдын башчылыгына көрсөтүлгөн талапкер боюнча сунуштаманы кандайча президентке жолдой турганы түшүнүксүз, анткени телеканал министрликтин тармактык бөлүмү эмес. Ошол эле учурда, кызматка дайындоонун мындай механизми бүткүл телеканал мындан аркы ишмердүүлүгүн аныктайт, тактап айтканда министрликтен жана башка мамлекеттик органдардан көз каранды болот дегенди түшүндүрөт» , — деп айтылат кайрылууда.

Медиакоомчулук колдонуудагы КТРК жөнүндөгү мыйзамга «саясий көз карандылыктан коргоочу жана коомдук телерадиокомпанияга көз карандысыздыкты камсыздаган тийиштүү деңгээлдеги каржылык колдоону камсыздаган» түзөтүүлөр керек деп эсептешет.

«Бүгүнү күндө КТРК иш жүзүндө коомдук канал боло алган жок, бул телеканалдын редакциялык саясатына кийлигишкенин койбогон өлкө жетекчилигинин саясий эрки жок экенинен кабар берет», — деп баса белгиленет кайрылууда.

КТРКнын байкоочу кеңеши

КТРК коомдук канал макамын 2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнөн кийин алган. Анда каналга нейтралдуу ишмердүүлүк жүргүзүүгө шарт түзүү пландалып, редакциялык саясатты көзөмөлдөө үчүн 15 кишиден турган КТРКнын байкоочу кеңеши түзүлгөн.

Анын ичинен 5 кишини өлкө башчысы, дагы 5 адамды парламент, калган беш мүчөсүн жарандык коом сунуштайт. Байкоочу кеңеш Жогорку Кеңеш тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат жана анын бардык мүчөлөрү коомдук башталышта иштешет. Ал эми КТРКнын башкы директору байкоочу кеңеш тарабынан 4 жылга шайланат.

Байкоочу кеңеш корпорациянын башкаруу органы болуп эсептелет. Ал редакциялык саясатты бекитүү, финансылык-чарбалык ишмердүүлүктү көзөмөлдөөдөн баштап КТРКнын ачык-айкындыгын камсыздоого чейинки кеңири ыйгарым укуктарга ээ болгон.

КТРК Кыргызстандагы эң ири телерадиоберүү компаниясы болуп эсептелет, аны каржылоо үчүн бюджеттен жылына 350-400 млн сом акча бөлүнөт.