COVID-19: Акыркы суткада 74 жаңы учур катталып, эки адам каза болду

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 3-ноябрга карата коронавирустун 74 жаңы учуру катталды, эки бейтап каза болду. Илдеттен 97 адам айыкты.

  • Чүй облусунда — 25;
  • Бишкек шаарында — 23;
  • Ысык-Көл облусунда — 11;
  • Жалал-Абад облусунда — 7;
  • Талас облусунда — 4;
  • Ош облусунда — 2;
  • Баткен облусунда — 1;
  • Нарын облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 181 499га жетти. Ал эми өлкө боюнча 175 892 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 676 адам көз жумду.

Учурда 605 бейтап ооруканаларда, ал эми 803 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 3-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 5 763 адам, ал эми экинчи дозасын 6 049 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.