Кыргызстанга вакциналарды сактоо үчүн UNICEF аркылуу 200 муздаткыч келет

Республикалык иммунопрофилактика борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев жакын арада Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцинаны сактоо жана бөлүштүрүү үчүн UNICEF аркылуу 200 даана атайын муздаткыч келерин билдирди.

Анан айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги Pfizer вакцинасынын өлкөгө жеткирилишине жыл башынан бери даярдык көрүүдө.

2021-жылы 27-октябрда Pfizer вакцинасы келип түшкөн. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Кыргызбаевдин айтымында, аталган вакцина -80°C температурада сакталууга тийиш. Ошондо вакцинаны 6-9 айга чейин сактаса болот.

«Аймактарда -15тен -20га чейинки температурада эки жума, райондук жана убактылуу эмдөө пункттарында +2ден +8ге чейинки температурада бир жума сактоого болот. Өлкөнүн бардык аймактарында убактылуу эмдөө пункттарында +2ден +8ге чейинки темературада сактоочу муздаткычтар жетиштүү», — деп айтып берди ал.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги октябрдын башында UNICEF’тин колдоосу менен Кыргызстанга Pfizer вакцинасын сактоо үчүн төрт муздаткыч алып келинип, орнотулганын кабарлашкан. Өлкөгө аталган вакцинанын жалпы 259 740 дозасы келген.

Вакцина сактоо үчүн муздаткычка байланышкан чуулар

2021-жылдын январында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев USAID уюму Pfizer вакцинасын сактоочу муздаткыч жана шприцтерди алып берет деп билдирген.

Бирок USAID мындай сунуш берген эмес. Ал эми ошол кездеги вице-премьер министр Элвира Сурабалдиева саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди «ойлонбой туруп айтканы үчүн» сынга алып, эл алдында кечирим сурасын деген талап койгон.

Эртеси күнү министр вакцина сактоочу муздаткычты USAID эмес, UNICEF алып бере турганын билдирген. Бирок UNICEF’тин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү Кристин Жольм Pfizer жана BioNTech вакциналары жогорку даржадагы муздатууну талап кылат, ал эми азыркы учурда мындай жыбдыкты сатып алуу боюнча планы жок экенин айткан.

Мындан сырткары, муздаткычты токтон сууруп салууга байланышкан чуулу окуя болгон. Үстүбүздөгү жылдын май айында Спутник V вакцинасы салынган муздаткыч розеткадан суурулуп калган жана вакциналар жарактан чыккан. Зыяндын өлчөмү 840 миң сомго бааланган.

Министр буга «тазалык кызматкери күнөөлүү болушу мүмкүн», ал пол жууп жатканда байкабастан розеткага тийип, вакцина салынган муздаткычты өчүрүп алышы мүмкүн деген, ал эми эмдөө борбору белгисиз бирөө телефонун кубаттайм деп барып вакциналар салынган муздаткычты сууруп салган деп айтышкан.