Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдардан ат салыша турган алты талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрда кабарлады.
Маалыматка ылайык, төмөнкү талапкерлер шайлоого катышпайт:
- Мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев — №10 Куршаб шайлоо округу;
- Токтоналы Нусубалиев — №21 Талас шайлоо округу;
- Салиман Малдыбаева — №36 Ысык-Көл шайлоо округу;
- Акылсайра Жумабекова — №35 Ак-Суу шайлоо округу;
- Чүй облусунун экс-башчысы Улан Карагулов — №31 Чүй-Кемин шайлоо округу;
- Асан Шакиров — №13 Сузак шайлоо округу.
Буга чейин бир мандаттуу округдардан тогуз талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан — алардын ичинде депутаттар Канат Исаев жана Айнуру Алтыбаева бар. Алгач БШК 321 талапкерди каттаган, эми болсо алардын саны 306 адамды түзөт.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык, шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат.