Президент Садыр Жапаров ЖМКларды сотко бербөөнү убада кылды

Президент Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров басма сөз күнүнө карата кыргыз ЖМКларынын башкы редакторлору менен жолукту. Иш-чара фуршет форматында өтүп, президент расмий куттуктоодон кийин журналисттерге келип каалоо-тилектерин айтты.

Дасторкондун үстүндө журналисттер өлкө башчыга Кыргызстанда сөз эркиндиги сакталабы деп суроо узатышты. Буга Жапаров «Сөз эркиндиги бар, эркин эле жүрбөйсүңөрбү» деп жооп берди.

Анда журналисттер президентке депутат Гүлшат Асылбаева демилгелеген фейктер жөнүндөгү мыйзамды эскертишип, бул ЖМКларга карата иштетилиши мүмкүн деп тынсызданып жатышканын билдиришти.

Кеп «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам тууралуу болуп жатат. Негизи бул мыйзам фейк маалыматтар менен күрөшүү үчүн колдонулушу керек. Бирок мыйзам журналисттик иликтөөлөргө жана көз карандысыз журналисттерге каршы колдонулуп калышы мүмкүн. Мисалы кимдир бирөө макаладагы маалыматтар чындыкка дал келбейт деп даттанса, атайын орган материалды текшергенче сайтты блоктоп коюшу мүмкүн. Сайтты чектөөдөн чыгарууга сот аркылуу гана жетишиш керек болот.

Өлкө башчы журналисттерге өзү да, Министрлер кабинети да ЖМКларды сотко бербейт деп убадалады.

«Эмнени кааласаңар жаза бергиле. Мининстрлер кабинети да, мен да сотко бербейм. Мен Минкаб үчүн жооптуумун», — деди ал.

Жапаровдун басма сөз кызматынын өкүлү да өз пикирин кошуп, журналисттер маалыматты так жазса мыйзамдын аларга тиешеси болбосун айтты.

Президент менен жолугушуу учурунда журналисттердин телефону мамкүзөтчүлөрдө болду, мындан улам алар Жапаровдун сөздөрүн жаздырып кала алышкан жок.

Жапаровдун ЖМКларга болгон мамилеси анын саясаттагы ордуна карап кескин өзгөргөн. Ал Алмазбек Атамбаевдин тушунда оппозициячыл саясатчы болуп жүргөндө анын позициясы мамлекеттик маалымат каражаттарында чагылдырылган эмес.

Бир гана көз карандысыз басылмалар жана кээ бир журналисттер анын пикирлерин жарыялап турган. Жада калса журналист Эрнис Кыязов Жапаровдун позициясын чагылдырганы үчүн бийлик кысымга алып жатканына даттанган эле.

Ошондой эле, көз карандысыз ЖМКлар Ысык-Көлдүн ошондогу губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга айыпталган Жапаровго карата ачылган кылмыш иштерин, анын ичинде «жабырлануучу» саясатчыга тагылган айыптар менен макул эместигин жана ишти карап чыгууну суранганын да байма-бай чагылдырышкан.

Мындан сырткары журналисттер Жапаров абакта отурганда анын тарапташтарынын митингдери тууралуу элге маалымат жеткирип турушкан. Ал 2017-жылы камакка алынып, 2020-жылдын 6-октябрдында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы коюлган акциялардын шартында бошотулган.