Эгон Шиле. Жылаңач, көмкөрөсүнөн жаткан аял. 1917

Материалдын түп нускасы Заборона Медиада жарык көргөн.

Масштабдуу изилдөөлөр көрсөткөндөй, чоң адамдардын 78%ы такай мастурбация кылат. Такай — салыштырмалуу түшүнүк жана ар ким ар башкача түшүнөт: кимдир бирөө айына бир жолу кылат, дагы башкалары бир күн да чыдабайт.

Бул теманын коомдо жат көрүнүш катары кабылданышынан улам, көпчүлүк мастурбация тууралуу ооз ачпайт, бул өз кезегинде көйгөйлөрдүн жаралышын шарттайт. Заборона адатка айланган мастурбация деген эмне, аны кантип аныктаса болот, канткенде жеңе алабыз деген суроолорго жооп берди.

Адатка айланган мастурбация деген эмне?

Мастурбация — нормалдуу нерсе, ал тургай ден соолукка да пайдалуу: бул жерде туруктуу мамилеңиз бар же жогу роль ойнобойт. Бирок кээде мастурбацияга ыктоо чектен ашып, көндүм адатка айланышы мүмкүн. Бара-бара адам мастурбациясыз жашай албай калат.

Албетте, мындай адат тамакка, ичимдикке, тамеки жана баңгизаттарга көз карандылыкка караганда коопсуз. Бирок мастурбацияга көз карандылык деле адамдын күнүмдүк жашоосуна терс таасир этип, ага тоскоол болушу мүмкүн.

Мастурбацияны адат кылуу тастыкталган психикалык оору эмес. Айрым учурда ал башка дарттын белгиси же кайсы бир абалдын кесепети болушу мүмкүн. Бул адат сиз үчүн көйгөйлүү маселе экенин аныктай турган так критерийлер жок — кандай чечишти өзүңүз гана билесиз. Бирок психотерапевт же сексолог белгилүү бир суроолорду берип, сизге атайын терапия керекпи же жокпу аныктайт.

Эгон Шиле. Онанизм. Автопортрет. 1911

Эгер мен күнүгө мастурбация кылсам — бул адат болуп калабы?

Жок, андай эмес. Күн алыс мастурбация кылуу сөзсүз эле сизде маселе бар дегенди түшүндүрбөйт. Эгерде төмөнкү белгилер байкалса коңгуроо кагыш керек:

  • Мастурбация көп убакытты алып жатса;
  • Мастурбациядан улам жеке турмушуңуз жабыркап жатса;
  • Күнүмдүк иштер менен мастурбациянын ортосунда экинчисин тандап жатсаңыз (мисалы, көңүл ачуу кечесине барбай эле үйдө калып мастурбация кылуу);
  • Сиз коомдук жайларда же башка каалабаган шартта мастурбация кылсаңыз (мисалы, коомдук ажаатканада же конокто жүргөндө ажаатканага кире калып);
  • Дүүлүкпөй турганда жөн эле мастурбация кылганда;
  • Негативдүү маанайдан арылуу үчүн дайыма мастурбация кыласыз;
  • Мастурбация учурунда же андан кийин өзүңүздү күнөөлүү сезип же өкүнөсүз;
  • Мастурбация жөнүндө көп ойлоносуз.

Бул адат эмне үчүн пайда болот?

Себеби көп болушу мүмкүн: мисалы, биологиялык жакындык — бул адам организмдин талабы менен буга көбүрөөк ыктагандагы абал.

Дагы бир мисал: зомбулук ретравматизациясы — тактап айтканда, буга адам мурда башынан өткөргөн психологиялык же физикалык зомбулук себеп болушу мүмкүн.

Төмөндөгү кеңири кездешкен себептердин арасынан өзүңүзгө тиешелүүсүн тапсаңыз болот:

Депрессияга же жөнү жок тынчсызданууга жакын адамдар көп учурда мастурбация кылат. Анткени адам оргазм алганда организмде гормондордун бүтүндөй «коктейли» бөлүнүп чыгат: адреналин, дофамин, окситоцин жана пролактин. Мындай аралашма адамга ырахат жана эйфория алып келет, бул негативдүү сезимди жеңүүгө жардам берет. Бирок бул көпкө деле узабайт, ошондуктан адам эффектти кайталаш үчүн кайра-кайра мастурбация кылгысы келет. Мындайда бул адатка айланып кетиши мүмкүн.

Эгон Шиле. Жылаңач аялдын актысы. 1917

Мастурбация жашоодогу кандайдыр бир оор жоготууну же оор моралдык травманы жеңүүгө аракет кылып жаткан адамдарга деле ушундай таасир этет. Узак болбосо да эйфорияны сезүү оор соккуну жеңил өткөрүүгө жана кандайдыр бир жакшы сезимдерди алууга жардам берет. Бирок ал чектен ашып кетсе көз карандылык пайда болушу мүмкүн.

Ошондой эле, сиз мындай көз карандуулукка биологиялык жактан жакын да болушуңуз мүмкүн. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, компульсивдик сексуалдык жүрүм-турумга жакын адамдардын баш мээсиндеги айрым структуралардын ортосундагы байланыш тыгызыраак келет. Мындай көрүнүш баңгизатка көз каранды болууга жакын адамдардын баш мээсиндеги байлынышка окшоп кетет.

Айрым учурларда көйгөй неврологиялык өзгөрүүлөрдүн кесепети болушу мүмкүн. Мээдеги химиялык заттардын балансы бузулганда, же болбосо Паркинсон оорусу сыяктуу айрым неврологиялык дарттар ашыкча сексуалдык дүүлүгүнү, компульсивдик жүрүм-турумду пайда кылат.

Мастурбациянын адатка айланышы кооптуубу?

Кооптуу деле эмес, бирок зыяндуу болушу мүмкүн. Биринчиден, убакыттын өтүшү менен адамдарга болгон сексуалдык кызыгууңуз азайышы мүмкүн. «Сезимдер да мурдагыдай эмес, мамиле курам деп кыйналып жүрмөк белем, андан көрө үйгө келип жууркандын алдында оргазм алып албаймынбы» дегенчеликке да жетип калуу мүмкүн.

Эгон Шиле. Башты жерге салып тизелеп туруу. 1915

Мындан сырткары, өтө эле көп мастурбация кылган адам өзүн барктабай да калышы мүмкүн. Ошол эле кезде мындай кумарлануу турмуштун башка жактарына да таасир этиши мүмкүн — мисалы, жумуш же мамилеге.

Бул мага жолтоо болуп жатса эмне кылам?

Эгерде өз күчүңүз менен жеңе албай жатсаңыз, психотерапевтке же сексологго кайрылган оң. Маселени чечүүнүн эң эле жөнөкөй жолу, — маектешүү терапиясы. Сүйлөшүү аркылуу адатка айланган көрүнүштүн так себебин аныктап, аны түздөн түз жоюуга болот. Негизги көйгөй оңой эле чечилет, ал түшүнүктүү эле деп ойлосоңуз да адаттан арылууга бир нече ай кетиши мүмкүн.

Мисалы, эгерде бул адат кандайдыр бир травмадан улам пайда болсо, терапевт ал жарааттын айланасында иштөөнү сунуштайт жана адатты жоюунун таасирдүү жолдорун табууга көмөктөшөт. Эгерде сиз мастурбациянын жардамы менен күнүмдүк турмуштагы стресстен арылып жүргөн болсоңуз дагы ушул ыкма жардам берет.

Мастурбациянын дарысы жок. А бирок сизде башка психологиялык же жүрүм-турумдук көйгөй, мисалы, депрессия же обсессивдик-компульсиялык бузулуу аныкталса дары-дармек кызыгууну азайтууга жана компульсивдик жүрүм-турумдан арылуу жардам берет. Баса, антидепрессанттардын кеңири жайылган кыйыр таасирлеринин бири — бул сексуалдык кызыгууну азайтат.

Эгон Шиле. Автопортрет. 1916

Бул тууралуу врачка баргандан уялам. Эмне кылыш керек?

Уялуу — пайдасыз, жабыркатып коё турган сезим. Айрым адамдар чочун киши тургай өзүнүн өнөктөшү менен секс тууралуу сүйлөшкөндөн тартынат. Себеби, көп учурда коомчулукта сексуалдык жашоого байланышкан темалар — жабык. Бул диний ишенимдерге жана тек гана моралдык ынанымдар менен да байланыштуу.

Бирок мындай учурда дагы өзүңүзгө жардам көрсөтө аласыз. Аз болсо да. Мисалы, жумушту алмаштырып же өзүңүзгө хобби тапсаңыз болот. Жаңы иш багыттары көңүлүңүздү кубаныч алып келген башка иштерге бурат. Стресс жана негативдүү эмоциялардан арылууга спорт да абдан жакшы таасир берет. Атап айтканда йога жана чуркоо кубаныч сезимдеринин иштелип чыгышын эле эмес, эс алууну да шарттайт.

Андан тышкары, сиздикине окшош көйгөйү бар колдоо тобун табууга да аракет кылып көрүңүз. Өз тажрыйбаңызды айтпай деле койсоңуз болот, жөн гана башкалар адаттан кантип арылып жатканы жөнүндө тажрыйбасын уксаңыз болот. Эгер ал да жардам бербесе, тематикалык форумдарга барыңыз. Алсак, Reddit форумунда сексуалдык адаттар темасына байланыштуу көптөгөн билдирүүлөр бар.