Коронавирустан үч адам каза болуп, 52 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 8-ноябрга карата коронавирустун 52 жаңы учуру катталып, 61 бейтап айыгып чыкты. Ал эми үч адам илдеттен көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаары — 23;
  • Ысык-Көл облусу — 12;
  • Чүй облусу — 7;
  • Жалал-Абад облусу — 4;
  • Ош шаары — 2;
  • Баткен облусу — 2;
  • Нарын облусу —1;
  • Ош облусу — 1.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 181 882 жетти. Ал эми өлкө боюнча 176 246 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2689 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 604 бейтап, ал эми үй шартында 816 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 8-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинаны биринчи дозасын 915 адам, ал эми экинчи дозасын 749 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.