Акыркы суткада коронавирустун 46 жаңы учур катталып, үч адам каза болду

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 10-ноябрга карата коронавирустун 46 жаңы учуру катталып, үч адам каза болду.

COVID-19 жуктургандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында — 28, ал эми Ысык-Көл облусунда — 10, Нарын облусунда — беш адам илдетке чалдыккан. Ош облусунун аймагында бир адам вирус жуктурду.

Мындан сырткары, өткөн суткада 69 бейтап ооруканадан айыгып чыкты, ошену менен айыккандардын жалпы саны 176 392 адамды түздү. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 181 982 адам коронавирус жуктуруп, 2694 киши каза болду.

Бүгүнкү күндө 583 бейтап ооруканаларда, 778 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 10-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 1580 адам, ал эми экинчи дозасын 2214 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.