«Убада менен өлкөнү өнүктүрө албайт». Фарид Ниязов Жапаров менен Ташиевди сынга алды

Президенттик аппараттын экс-төрагасы Фарид Ниязов президент Садыр Жапаров менен анын үзөңгүлөшү, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин саясатын сынга алды. Ниязовдун билдирүүсү «Апрель» телеканалынын сайтында жарыяланды.

Ниязовдун пикиринде, өткөн жылы өлкөдө бийлик алмашкандан бери жаңы жетекчилик «бир нерсени жаратууга» жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алган жок.

«Акыркы 16 жылда чоң саясатта Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев популизм, интрига жана башка чуу жараткан бүлдүргөн иштери менен гана эсте калды. Өткөн жыл да ушундай эле болду», — дейт Ниязов.

Ал былтыртан бери бийликтин бардык «рычагдары» бир эле президент Садыр Жапаровдун колуна өтүп кеткен деп билдирди. Ниязовдун айтымында, Жапаров өлкөнү «оор акыбалда алдым» деп, мурдагы президенттерден айырмасы жоктугун көрсөткөн.

«Бирок мындай саясий ыңгайлуулук менен иш-аракеттердин толук эркиндиги жана оппозициянын жоктугу, Акаевдин, Бакиевдин, Отунбаеванын, Атамбаевдин, ал түгүл Жээнбековдун ишинин башталышында да болгон эмес», — деп билдирди саясатчы.

Ниязовдун кайрылуусунда Жапаровдун 23-октябрдагы басма сөз жыйынында бийликтин келечек стратегиясы жоктугу тастыкталганы да айтылат. Ниязов Жапаров менен Ташиевдин саясий тандеминде социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө артыкчылык берилген эмес деген ойду карманат.

«Өктөм айткан бир да убадасын аткарышкан жок. Алгачкы бир жылы толугу менен жеке бийлик институттарын түптөөгө жана элестетип алган оппоненттеринин эсебин табууга жумшашты. Өлкө башчысы менен УКМКнын төрагасынын аракетине караганда, башкаруунун экинчи жылында, каржы агымдары менен жеке менчикти бөлүштүрүүгө басым кылышат. Калгандары экинчи планда», — деп эсептейт президенттик аппараттын экс-башчысы.

Ниязов коронавирус пандемиясынан улам жаралган бир катар экономикалык жана социалдык маселелерге да токтолду. Ал экономиканы калыбына келтирүү жай болуп атканын, аны менен кошо азык-түлүк баалары да асмандап жатканын кошумчалады.

«Бизнес качып жатат. Жеке жана сырттан келген инвестициянын көлөмү былтыркы “коронавирус каптаган 2020-жылга” салыштыра келгенде да азайды. Аны менен кошо мамлекеттин карызы көбөйдү. Бийлик төбөлдөрү эмнени гана баштабасын, кыйынчылык каптаганы каптаган», — деп айтылат саясатчынын билдирүүсүндө.

Ниязов Жапаровго сындан тышкары көйгөйлөрдүн үстүнөн максатуу иштөөнү да сунуштады. Саясатчынын оюнда, учурда президент «эйфория болуп, жаңылышып жатат», бирок «башкаруучулардын деградациясы» өлкө үчүн кооптуу болуп баратат.

«Садыр Жапаров өзүнө чейинки президенттерди жамандоо жана убадаларды берүү менен өлкөнү өнүктүрө албасын түшүнүшү керек. Эч ким аны президент бол деп суранган эмес. Көбүрөөк ыйгарым бергиле деп суранган да өзү. Бир жылдан өлкөдө болуп жаткандын баары үчүн жоопкерчилик анын мойнунда. Ошондуктан иштеш керек», — деп билдирди Ниязов «эбак эле иштин жыйынтыгын көрсөтүп койсо болмок экенин» белгилеп.

Фарид Ниязов — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Атамбаев бийлик башында турганда бейрасмий түрдө президенттин «оң колу» деп аталып жүргөн.

Аппарат жетекчилигинен кеткенден кийин президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган. Атамбаев президенттиктен кетип жатып Ниязовду «жакшы вазир» деп атап, «Манас» ордени менен сыйлаган.

2019-жылы Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү штурмга алынганда Ниязов мурдагы президентти жанында болгон. Анда Атамбаев камакка алынган болчу.

Ал мурдагы президент Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясындагы штурмга алуу ишине байланыштуу Бишкектин ТИЗО-1не камакка алынган.