Акыркы суткада коронавирустан үч бейтап каза таап, вирус 70 адамда аныкталды

Республикалык штаб сутка ичинде COVID-19 илдетинен үч бейтап каза тапканын билдирди.

Пандемия башталгандан бери коронавирус инфекциясын жуктуруп каза тапкандардын жалпы саны 2 702 адамды түздү.

Штабдын маалыматына ылайык, сутка ичинде COVID-19 70 адамда тастыкталды.

Бишкек — 24;

Исык-Көл облусу — 9;

Ош облусу — 11;

Чүй облусу — 19;

Талас облусу — 2;

Баткен облусу — 5.

Штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 182 267ге жетти.

Мындан тышкары, 13-ноябрга карата ооруканаларда 544 бейап дарыланып жатат. Дагы 762 адам амбулатордук дарыланууда.

Сутка ичинде ооруканалардан 106 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылды. Ал эми өлкө боюнча ооруканадан тышкаркы пневмония же коронавирустан айыккандардын жалпы саны 176 721 адамды түздү.