Таң каласыз, бирок күтүлбөгөн кош бойлуулуктан коргонуунун эң эле популярдуу ыкмасы — бул жатынга спираль салуу. Эгерде контрацепциянын ушул жана башка ыкмалары тууралуу кеңири билгиңиз келсе, анда биздин подкасттын жаңы чыгарылышын көрүңүз.

Кош бойлуулук тууралуу көптөгөн мифтер бар, анын эң эле кеңири тараганына токтолсок: жыныс мүчөсүн бел суусу чыгайын деп калганда сууруй койсо аялдын боюна бүтпөйт.

Бирок бул андай эмес. Предэкуляция — бул спермага чейин эркектердин жыныс мүчөсүнөн чыккан суюктук. Аялга ошону менен эле боюна да бүтүрүп койсо болот. Эгерде подкасттын жаңы чыгарылышын көргөнгө 25 мүнөт убактыңыз жок болсо, анда төмөнкү маалыматты окуп да билип алсаңыз болот:

  • Жыныстык жол менен жуккан инфекциядан жана күтүлбөгөн кош бойлуулуктан коргонуунун эң эле ишенимдүү жолу презерватив колдонуу.
  • Эгерде сиз жыныстык катнашка презервативи жок барган болсоңуз, анда 72 сааттын ичинде бойго болтурбоочу дарыны ичишиңиз керек болот. Бул бойдон алдыруу (аборт) эмес, себеби ал учурда түйүлдүк пайда болууга да үлгүрбөйт.
  • Аталган дарыны жылына эки жолудан ашык колдонуу сунушталбайт.

Вазэктомия, гормоналдык дары-дармектер, спираль жана пластер деген эмне экенин билгиңиз келсе, анда подкасттын жаңы чыгарылышын көрүңүз.

Суроолоруңуз же бөлүшө турган окуяларыңыз болсо комментарийге жазыңыз же төмөндөгү шилтемени толуруп жөнөтүңүз. Анонимдүүлүк сакталат:

https://forms.gle/gGy1WyjTgwu3k3rE7