COVID-19: Жуктуруунун 74 жаңы учуру катталып, эки киши каза болду

Республикалык ыкчам штабдын 14-ноябрга карата маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун 74 жаңы учуру катталып, эки адам каза болду.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары – 47;
  • Ысык-Көл облусу - 8;
  • Ош облусу - 6;
  • Баткен облусу - 5;
  • Нарын облусу - 4;
  • Чүй облусу – 2;
  • Ош шаары - 1;
  • Жалал-Абад облусу - 1.

Ошондой эле, өткөн суткада 103 бейтап ооруканадан чыкты — айыккандардын жалпы саны 176 824 адамды түздү.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 182 341 адам коронавирус жуктуруп, 2704 киши каза болду.

Бүгүнкү күндө 564 бейтап ооруканаларда, ал эми 721 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 14-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинаны 7703 адам алды. Анын ичинен биринчи дозасын 3386 адам, ал эми экинчи дозасын 4317 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.