«Маалыматты бурмалашкан». «Акчамат» «МедиаХабдын» иликтөөсүнө жооп кайтарды

«ФинТерминал» ЖЧКсы ( «Акчамат» соода маркасы) үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында эле ишин токтотуп, карызга акча бербей калган. Бул тууралуу компания «Клоопко» билдирди жана «МедиаХабдын» журналисттик иликтөөсүнө карата өз позициясын айтып берди.

27-октябрда «МедиаХабдын» журналисттери YouTube-каналына «Акчамат» терминалдарынын ишмердүүлүгү тууралуу иликтөө жарыялаган. Алар компания эч кандай уруксат документи жок эле, жылына 684% үстөк менен насыя берерин аныкташкан.

«Акчамат» деген эмне?

2019-жылдын апрель айында Бишкекте бир мүнөттө насыя берген «Акчамат» терминалдары пайда болгон. Компания атайын терминалдар аркылуу тез насыя берүү менен алектенет.

Алар көбүнчө чоң-чоң соода борборлордо жана супермаркеттерде коюлган. 2019-жылы компаниянын 12 терминалы болсо, учурда компаниянын сайтындагы Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча маалыматка таянсак, терминалдардын саны 30дан ашкан.

«Акчамат» терминалы. Сүрөт: kaktus.media

Андай терминалдан жарандар эч кандай күбөлөндүрүүсүз, документ топтобой эле зайымдарды алып турган. Бирок ал үчүн насыя алгысы келген адам өзүнүн жеке маалыматтарын, паспортунун көчүрмөсүн жана манжаларынын изин бериши керек болгон. Компания бул маалыматтар ишенимдүү корголуп, Кыргызстандын аймагында сакталат деп ишендиришкен.

«Акчамат» 15 күндүк мөөнөткө 500 сомдон 10 миң сомго чейин насыяга акча берет.

Мыйзамдуу иштеп жатканбыз

«Акчаматтан» компания негизделгенден күндөн тарта мыйзамдын негизинде иштегенин, ал эми ишмердүүлүгүн Жарандык кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдөн улам токтотконун белгилешти.

Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында «Жарандык кодекске өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам күчүнө кирген, ага ылайык, кесиптик иштин негизинде акча түрүндө карыз берүү менен байланышкан иш кредит берүү иши катары каралат.

Мындан ары насыя берүү жаатында ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн Улуттук банктан лицензиялык-уруксат документтерин алуу керек. Жарандык кодекске өзгөтүүлөр киргизилгенге чейин «Акчаматтын» лицензиясы болгон эмес, бирок алар, ошол кезде лицензиянын жоктугу мыйзам бузуу деп эсептелчү эмес дешет алар.

«Жарандык кодекске киргизилген өзгөртүүлөр, компаниянын түптөлгөндөн тартып 2021-жылдын 17-сентябрына чейинки ишмердүүлүгү мыйзамдуу экенинен кабар берет. Анткени ага чейин мындай ишмердүүлүккө [карызга акча берүүгө] лицензия талап кылынган эмес», — деп белгилешти компаниядан.

Иликтөөгө жооп

Компания «МедиаХабдын» журналисттеринин иликтөөсү «башынан эле дискредитацияга багытталган» деп эсептейт.

«“МедиаХабдын” журналисти Арген Бакытбек уулу компаниянын директору Динара Өмүрбекова менен бир саатка чукул маектешкен. Анда ар бир суроого кенен, так жооптор айтылган, ал эми «иликтөө» болгону 12 мүнөткө созулат. Башынан эле компаниянын ишмердүүлүгүн терс маанайда берүүнү максат кылган иликтөөдө директордун жооптору кыйла кыскартылып жана/же монтаждалган. Мындай жол менен “МедиаХаб” компаниянын толук кандуу негизделген позициясын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес», — деп белгиледи «Акчамат».

Динара Өмүрбекова «МедиаХабдын» журналисти менен сүйлөшүп жатат. Видеодон скриншот.

Алар иликтөөнүн максаты «чындыкты жана компаниянын так позициясын көрсөтүү эмес, “МедиаХабдын” кызыкчылыгы менен бурмалоо болгон» деп эсептешет.

Компания журналистке Улуттук банк менен Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын «Акчаматтын» ишмердүүлүгү мыйзамдуу экенин тастыктаган жоопторун дагы бергенин айтып жатат.

«“МедиаХабдын” иликтөөсүндө Улуттук банк менен Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жазган кат, финполдун токтому тууралуу эмне себептен айтылбаганы бизге белгисиз», — деп белгилешти компаниядан.

«МедиаХабдын» иликтөөсүндө компания насыяны 15 күндүк мөөнөткө 28,5% үстөк менен бергени айтылган. Журналисттер бул санды бир жылга көбөйтүп, «Сүткорлук ишти чектөө» жөнүндө мыйзамга ылайык, насыянын жылдык пайызы 31%дан жогору болбошу керектигин, ал эми «Акчаматтын» үстөгү 684% түзгөнүн билдиришкен.

Компания журналисттердин «Акчамат» жылына 684% үстөк менен насыя берет деген жүйөөсүн «ишкананы жаман аттуу кылуу үчүн маалыматты бурмалоо» деп атады. Ал жактан «Сүткорлук ишти чектөө» жөнүндө мыйзамда 31% деген жогорку пайыздык чен жылдык туюнтмада эсептелбейт деп белгилешти.

«Компания өз кезегинде куктарын коргоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылат», — деп жыйынтыкташты «Акчаматтан».

Улуттук банктын имараты. Сүрөт: «Азаттык»

Бугай чейин Улуттук банк компаниянын учурдагы ишмердүүлүгү боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, «алардын ишмердүүлүгүнүн мыйзам чегинде кароону» суранганын «Клоопко» билдирген. Андан кийин өлкөнүн башкы банкы эч кандай жаңы маалымат берген эмес.

Тема боюнча окуңуз:

Бир мүнөттө насыя берген «Акчаматтын» ишинде мыйзам бузуулар аныкталды