Кыргыз киносунун күнүнө карата «кыргыз кереметин» көрүңүз

17-ноябрь — Кыргыз киносунун күнү, бул күн 1994-жылы бекитилген.

Алгачкы кыргыз тасмалары 1920-жылдары эле пайда болгон, ал эми 1941- жылдын 17- ноябрында кыргыз киностудиясы негизделген. 1961-жылы ал баарыбызга тааныш «Кыргызфильм» деп атала баштаган, ал эми 2002-жылы киностудияга «кыргыз кереметинин» легендасы Төлөмүш Океевдин ысымы ыйгарылган.

Кыргыз киносунун күнүндө — «кыргыз керемети» доорунда «Кыргызфильмде» тартылган легендардуу кыргыз тасмаларын дагы бир ирет көрүп чыгууну сунуштайбыз.

Ак кеме

Чыңгыз Айтматовдун «Ак Кеме» повестининин негизинде тартылып, экранга чыгарылган фильмдин үстүнөн режиссёр Болот Шамшиев эмгектенген. Башкы ролдорду Нургазы Сыдыгалиев, Сабира Күмүшалиева жана Асанкул Куттубаевдер жараткан. Экинчи пландагы ролду антагонист Орозкулдун образын чагылдырган Орозбек Кутманалиев жана Айтурган Темирова ойногон.

Буктурма

Режиссёр Геннадий Базаровдун жарандык согуш, чекист жана басмачылар тууралуу тасмасы.

Жалаң эркектер

Белгилүү кинорежиссёр Альгимантас Видугиристин энергетиктер тууралуу «Жалаң эркектер» тасмасы. Фильмде башкы ролду Сүймөнкүл Чокморов аткарган. Тасмада жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын оңдогон адистердин эмгеги, сүйүү, достук, адамдар ортосундагы мамиле чагылдырылган.

Саманчынын жолу

Режиссёр Геннадий Базаровдун дипломдук иши — Айтматовдун повестин экранга чыгаруу. Башкы каармандын ролун Бакен Кыдыкеева аткарган.

Кызыл алма

Сүймөнкул Чокморов, Гүлсара Ажибекова жана Таттыбүбү Турсунбаева роль жараткан Төлөмүш Океевдин эмгеги.

Аптап

«Аптап» Чыңгыз Айтматовдун «Ботогөз булак» повесттинин негизинде тартылган. Ал режиссёр Лариса Шепитьконун дипломдук иши. Башкы ролдо — Болот Шамшиев.

Тайгак кечүү (Трудная переправа)

Мелис Убукеевдин бул тасмасында сүйүшкөн жаштар кызды өзүнөн улуу кишиге мажбурлап күйөөгө берүүгө аракет кылган жакындарынан качып, айылдан шаарга келгени тууралуу баяндалат.

Биринчи мугалим

Андрей Кончаловскийдин Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинин негизинде тарткан дипломдук иши. Башкы каармандар — Болот Бейшеналиев жана Наталья Аринбасарова.

Бакайдын жайыты

Жазуучу Кадыркул Өмүркуловдун «Бакайдын жайыты» чыгармасынан негизинде тартылган Төлөмүш Океевдин фильми. Фильм Океевге эл аралык атак алып келген.

Караш-караш окуясы

Мухтар Ауэзовдун «Караш-караш окуясы» повестинин негизинде экранга чыгарылган Болот Шамшиевдин фильми. Башкы ролдорду Сүймөнкул Чокморов менен Советбек Жумадылов ойногон.

Легендарлуу кинорежиссёр Болот Шамшиевдин жаркын элесине арналат — Видео

Сүрөт: Кыргыз кинотеатрларындагы колдо тартылган көрнөктөр кандай болгон?