Кыргызстан «тийиштүү денгээлде башкаруунун эл аралык стандарттарын сактоо үчүн» мыйзамдарды инвентаризациялоонун мөөнөтүн узартуусу керек. Бул тууралуу Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму билдирди.
Эмне үчүн инвентаризациянын мөөнөтүн узартуу керек?
Эгерде инвентаризация президент Садыр Жапаров башында айткандай 2021-жылдын 31-декабрында аяктаса, жаңы келе турган парламенттин жетинчи чакырылышы мыйзамдагы өзгөртүүлөрдү түшүнбөй да калат.
«Кыргызстандын өкмөтү инвентаризацияны юридикалык зарылчылык деп жарыялады, бирок кийин ага [инвентаризациялоого] абдан кыска мөөнөт бөлүштү. Натыйжада мыйзамдарга чукул аралыкта баа берилип, өкмөт кылдат мамилени талап кылган маселелерге кийлигишип, ошондой эле ал мыйзамдар түздөн түз тиешелүү делген жарандар менен консультациялар өткөрүлгөн жок», — деп белгилейт Human Rights Watch’тун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.
Ал Кыргызстандын жарандары мындай маанилүү процесске толук кандуу катышууга укуктуу экенин эскертет.
«Олуттуу саясий силкинүүлөрдөн бир жыл өткөндөн кийин Кыргызстандын өкмөтү жаңы шайланып келе турган парламентке инвентеризациялоого катышууга жетиштүү убакыт берилишин көзөмөлдөшү керек. Парламентке коомчулук менен натыйжалуу консультация жүргүзүүгө, Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттемелерин киргизүүгө убакыт бериш керек жана дегеле жалпы коомчулук процесске ачык аралашууга мүмкүнчүлүк ала турган шарт-жагдай түзүлүүгө тийиш», — деп эсептейт Султаналиева.
Ушундай эле пикирди инвентаризация боюнча жумушчу топтун курамында өкүлдөрү бар өкмөттүк эмес уюмдар дагы карманышат. Алар инвентаризациянын мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин созулушу керек деп эсептешет. Жок дегенде «адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана сыйлоого байланышкан негизи маселелер каралган» кээбир мыйзамдарды кароонун мөөнөтү узартылууга тийиш.
Укук коргоочулар «парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан 2020-жылдын октябрь окуяларынан башталган» Кыргызстандагы саясий кырдаалга «абдан тынчсызданышууда».
Тема боюнча окуңуз:
Конституциянын долбоорунун жоболору эл аралык стандартка туура келбейт — Венеция комиссиясы
Венеция комиссиясы Жогорку Кеңештин аракетин мыйзам чегинен чыгуу деп тааныды
Инвентеризация деген эмне жана анын эмнеси туура эмес?
Инвентаризация 8-февралда президент Садыр Жапаров тиешелүү буйрукка кол койгондон тартып башталган. Инвентаризацияда 365 мыйзамдын жаңы Конституцияга жана Кыргызстандын эл аралык милдеттемелерине дал келиши, алардын «сапатын жана зарылчылыгы» каралышы керек.
Бирок тема боюнча жумушчу топтор «июлда гана активдүү иштеп баштаган» жана көп учурда «жабык эшик артында» өткөрүлгөн.
HRW Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрүнө таянып жумушчу топтор түзөтүү киргизүү зарыл деген 356 мыйзамдын ичинен 330ун карап бүткөнүн кабарлайт. Эми мыйзамдарга түзөтүү киргизүү долбоорлору даярдалып, андан соң аларды парламент карайт.
«Жумушчу топтордун курамындагы жарандык коомдун өкүлдөрү HRW’га түзөтүүлөрдүн жана жаңы мыйзамдардын долбоорлору тийиштүү министрликтерде жабык эшик артында даярдалып жатканын айтып беришкен», — дешет укук коргоочулар.
Мындан сырткары, HRW инвентаризация Кыргызстандагы ЖМКлардын ишмердүүлүгүнө байланышкан мыйзамдарга да тиешелүү экенине тынчсызданышууда. Бул мыйзамдар өзгөртүлөрү сентябрда белгилүү болгон.
«Көз карандысыз эксперттер менен тажрыйбалуу журналисттердин бул мыйзамдардын кайсы бирине түзөтүү киргизүүгө зарылчылык жок деген сунуштарына карабастан, жумушчу топтор инвентаризацияны уланта беришкен. Арасындагы радикалдуу сунуштардын бири КТРКны мамлекеттин менчигине кайтарып берүү», — деп белгилешет укук коргоочулар.
Тема боюнча окуңуз: Байкоочу кеңеш жоюлат. Маданият министрлиги КТРКнын макамы боюнча түшүндүрмө берди
Мыйзамдарда эмнени өзгөртүүнү каалап жатышат?
HRW уюмунун маалыматы боюнча, экспертттерди жана коомчулукту катыштырбаган инвентаризацияга ар кайсы тармактагы бир катар «сезимтал мыйзамдар» кирген:
- коомдук саламаттык сактоо;
- сырткы видео байкоо;
- үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо;
- аялдарга менен эркектерге бирдей укук менен мүмкүнчүлүктөрдүн кепилдиги;.
- коомдук кеңештердин иши;
- террористтик ишмердүүлүктү каржылоо;
- экстремисттик ишмердүүлүккө каршы күрөшүү;
- Кыргызстандагы адвокаттар Ассоциациясынын иши;
- улуттук коопсуздук;
- профсоюздардын иши.
Инвентаризацияланат делген мыйзамга түзөтүүлөрдүн бир бөлүгүн парламент киргизди. Ошол эле учурда, укук коргоочулар парламент тарабынан сунушталган дагы, инвентаризациялоо аркылуу кирген дагы түзөтүүлөргө коомчулукту аралаштыруу эске алынган эмес.
Буга карабай, парламенттин сайтындагы каралып жаткан мыйзам долбоорлору жайгаштырылган бөлүгү 2020-жылдын октябрь айынан бери реконструкцияланып бүтпөй жатат. Анда 5-6-октябрь түнү Ак үй басып алынганда Жогорку Кеңештин депутаттардын мыйзам долбоорлору сакталган сервери жок кылынган жана аны азыркы күнгө чейин калыбына келтирип жатышат.