Садыр Жапаров «Жогорку сот жөнүндөгү» мыйзамга кол койду

Президенттин басма сөз кызматы президент Садыр Жапаров 17-ноябрда «Жогорку сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө» мыйзамга кол койгонун маалымдады. Мыйзам 2021-жылдын 30-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Жогорку жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү мыйзамга Жапаров 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституцияга ылайык кол койгон. Жапаров кол койгон мыйзам Жогорку сотко мыйзам долбоорлорун демилгелөө жана мыйзамдарды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу укугун берет.

Документке ылайык, Жогорку соттун төрагасы Соттор кеңешинин сунуштамасы менен жана парламент депутаттарынын жарымынан көбү макулдугун берген учурда президент тарабынан дайындалат. Жогорку соттун төрагасы 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Төраганын орун басарларын дагы президент дайындайт, бирок сунуштаманы жогорку судья берет. Алардын иштөө мөөнөтү дагы — 5 жыл.

Жогорку соттун башка судьялары депутаттардын көпчүлүгү тарабынан шайланат. Алар жашы 70ке чыкканга чейинки мөөнөткө шайланышат.

Жергиликтүү соттордун судьяларын дагы Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушу менен президент дайындайт. Алгач алар 5 жылга дайындалат, ана андан кийин 70 жашка чейин иштей алат.