Көптөгөн адамдар ВИЧ жуктуруп алды десе эле гей же наркоман деп ойлошот. Бул эң эле чоң жаңылыш ойлордун бири. Аталган вирусту ар бир адам жуктуруп алышы мүмкүн. Бирок көңүлдү чөктүрүүгө себеп жок, анткени заманбап медицинанын жардамы аркылуу адамдын имундук жетишсиздик вирусу (АИВ) менен кадимкидей эле жашаса болот.

АИВ менен жашаган ата-энелер дени сак балалуу боло аларын билдиңер беле? Ооба, ал үчүн болгону өз убагында антиретровирустук терапиядан өтүп туруу жетиштүү. Бул терапиянын жардамы менен ВИЧ макамы бар адамдар кадимкидей эле өмүр сүрө алышат. Бул эмне болгон терапия? ВИЧ кандай жол менен жугат? Кай жерден текшерилсе болот, канча жолу текшерилиш керек? Бул суроолорго «Секс талкуу» видеоподкастыбыздын жаңы чыгарылышында жооп беребиз:

Суроолоруңуз же окуяларыңыз болсо комментарийге жазып же шилтеме аркылуу анонимдүү түрдө жөнөтүңүз: