Сүрөт: Ислам Розиев

Садыр Жапаров — Кыргызстан тарыхынын бир бөлүгү болду. Бишкекте беш жыл күтүүдөн кийин тарых музейи ачылды. Музейдин ачылышына катышкандар маданият министри Азамат Жаманкуловдун сөзүнөн кийин коюлган экспонаттарды көрө алышты.

Улуттук кийимдер менен тарыхый инсандардын скульптураларынын арасында кыргыз президенттеринин да экспозициясы бар. Андан учурдагы президент Садыр Жапаровдун БУУнун сессиясындагы, Глазгодогу экологиялык саммиттеги жана башка саясатчылар менен түшкөн сүрөттөрүн көрүүгө болот. Стендге Кыргызстандын мурдагы башчыларынын да сүрөттөрү илинген.

Мисалга, стендде Жапаровдун британ премьери Борис Жонсон, БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана казак лидери Касым Жоомарт Токаев менен түшкөн сүрөттөрү бар.