ЦУМга бомба коюлду деп жалган маалымат тараткан аялга 220 миң сом айып салынды

Бишкектин Свердлов райондук соту 29-октябрда августтун башында борбор калаадагы ЦУМга бомба коюлду деп кабарлаган аялга өкүм чыгарды. Бул маалымат жалган болуп чыккан.

Сот 27 жаштагы аялды «Терроризм актысы тууралуу жалган билдирүү таратуу» беренеси боюнча күнөлүү деп таап, 220 миң сом айып салды.

ЦУМдагы бомба тууралуу жалган маалымат тараткан аял. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

«Шок абалында болгон»

Сот отурумунда аял күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, акчага муктаж болгондуктан 9-августта жарандык никеде жашаган мурдагы күйөөсү менен жолукканы ЦУМга келген. Аял мурдагы жолдошу ушул соода борборунда телефон оңдоп иштегенин айтып берди.

«М.Ш [жарандык никеде жашаган мурдагы күйөөсү] менен сүйлөшүп жатып уруша кетишкен. Ал аялдын турак-жай маселесин чечүүгө көмөктөшүүдөн баш тарткан. Аял ачууга алдырып, М.Шдан өч алуу максатында жаңы сим-карта сатып алып, УКМКга телефон чалган. Ал «Айчүрөк» соода борборунда бомба коюлган, адамдар барымтада деп айткан. Ал кеде шок абалында болгондуктан кесепеттерин ойлонгон эмес. Ошол күнү ГУМ жабылып, мурунку күйөөсү иштей албай калат деп ойлогон», — деп айтып берген ал отурумда.

Соттун өкүмүндө айыпталуучунун күнөөнү толугу менен мойнуна алганы, жасаган ишине өкүнгөнү, буга чейин сот жообуна тартылбаганы, жаш курагы жана жазаны оордотуучу жагдайлардын жоктугу жеңилдетүүчү жагдай катары каралганы айтылат.

ЦУМдагы бомба тууралуу жалган маалымат

9-август күнү кечке маал милиция кызматкерлери Бишкектеги ЦУМдун имаратын курчоого алган. Универмагдын кызматкерлери менен кардарлары эвакуацияланган.

Кийин милиция кызматы аларга ЦУМда «кара чүмбөт кийип, колуна баштык көтөргөн шектүү аял жүрөт» деген билдирүү түшкөнүн айтып берген. Өкүмдө УКМКга белгисиз аял телефон чалып «ЦУМга хиджаб кийген белгисиз аял бомба көтөрүп келип, кичинекей баланы барымтага алды» деп кабарлаганы тууралуу жазылган.

Милиция кызматкерлери имаратты толугу менен текшерип, шектүү адамды да, шектүү буюмду дагы тапкан эмес. Болжол менен 18:10дө соода борборунун кызматкерлерин имаратка киргизе башташкан.

Андан соң, милиция ЦУМдун маңдайында жайгашкан ГУМдун имаратын курчоого алган. Бирок 18:38де милиция кызматы ГУМда бомба коюлганы тууралуу маалымат такталбаганын билдирип, курчоо алынып салынган.