COVID-19: Акыркы суткада эки адам каза болуп, 53 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 20-ноябрга карата коронавирустун 53 жаңы учуру катталып, эки бейтап каза болду. Ал эми илдеттен 80 адам айыкты.

  • Бишкек шаарында — 16;
  • Чүй облусунда — 10;
  • Ысык-Көл облусунда — 10;
  • Жалал-Абад облусунда — 5;
  • Баткен облусунда — 5;
  • Ош облусунда — 4;
  • Талас облусунда — 2;
  • нарын облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 182 780ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 177 369 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 720 адам көз жумду.

Учурда 512 бейтап ооруканада, ал эми 647 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 20-ноябрга карата 10 374 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 5 731 адам биринчи дозасын, ал эми 4643 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.