Бирдиктүү күрөш дүйнөсү (UWW) эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова менен болгон видеомаекти жарыялады. Ал чоң спорттогу жеңилүүсү жана жеңиштери, өзүнө болгон күмөн саноосу жана ишеними, ошондой эле алдыдагы Париж Олимпиадасына болгон пландары жөнүндө айтып берди.

«Менден эч нерсе чыкпайт»

Балбан кыз мурда чоң спортто ал үчүн орун жоктой сезилгенин айтып берди. Анын айтымында, анын оюнда күрөштө жүрүп «жаштыгым жана жашоом өтүп жатат» деген ойлор болгон.

«Жеңилүүлөрдөн соң “менден профессионалдуу спортчу чыкпайт, жөн гана убактымды коротуп жүрөм” деп ойлочумун. Бирок менин машыктыруучум дайыма “бул жеңилүүлөр улуу жеңиштерге жол ачат” деп айтчу. Ал мага “өсүп келе жаткан муунга үлгү боло аласын” деп үмүт жана ишеним берчү. “Менден жакшы спортчу чыкпайт” деген ой мени коё берчү эмес», — деп бөлүштү Тыныбекова.

Ал 2017-жылдагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатындагы көрсөткөн оюну ага чоң жеңиштерди камсыздай аларына үмүт бергенин кошумчалаган.

«Мен 2017-жылы акырек муунумдун жабыркаганына карабай, чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль алгам. Ошондо мен сол колум менен гана күрөшкөм. Мен күрөштөгү өз ыкмаларымды колдоно алган жокмун. Ошондой абалда медаль уттум. Ошол учурда мен дүйнө чемпиону боло алам деп ойлондум»,— деди балбан.

Толкундануу күрөшүүгө жардам берет

Тыныбекова башка спортчулардай эле ар бир беттештин алдында толкунданаарын айтып берди.

«Бул толкунданууну керектүү учурда жеңип, сени жок кылбашы үчүн туура багытта колдонуу керек. Мен ар бир мелдеште толкунданам. Андай сезим бар учурда, абдан жакшы күрөшөм», — деди ал.

Спортчунун айтымында, ал Токиодогу Олимпиада оюнунун финалдык беттешинде «толкунданбаганы» үчүн утулуп калган.

«Токиодогу олимпиада оюндарынын финалында менде толкундануу болгон эмес. Балким, ошол себептен утулуп калдым. Өзүмө болгон ишеним жогору болуп, ичимде толкунданууну сезген эмесмин», — деди Тыныбекова.

«Мен өзүмө ишендим»

Тыныбекованын айтымында, Дүйнөлүк чемпионаттагы эки жеңишинин ортосунда чоң айырма бар.

«2019-жылы менде такыр башка сезимдер жана эмоциялар болгон. Мен ага ишене алган эмесмин. Бир нече ай эйфорияда болгом. Мурда бул тууралуу кыялда дагы алчу эмесмин. А бүгүн жөн гана өзүбүзгө тастыктадык», — деп белгиледи ал.

Тыныбекова ошол учурда өзүнө болгон чоң ишеним пайда болгонун кошумалады.

«Ослодогу Дүйнөлүк чемпионат — бул өзүмө карата чоң сыноо. Мен өзүмө ишенгем. Ичимде толкундануу болгон. Мен Парижде өтө турган Олимпиадага башкача даярдык көрүшүм керектигин түшүндүм», — деди ал.

«Чоң спорт мени кое бербей жатат»

Балбан кыз Токиодогу олимпиада оюндарынан соң спорттук карьерасын жыйынтыктоону каалаганын айтып берди.

«Олимпиадага чейин мен алтын аларыма толук ишенгем. Олимпиададагы жеңишим менен профессионалдык карьерамды жыйынтыктайм деп өзүмө сөз бергем. Бирок чоң спорт мени жөн гана коё бергиси келбей жатканын түшүндүм. Андыктан Париждеги Олимпиада оюмдарына катышайын деп чечтим», — деди ал.

Балбан кыз Токиодон алтын медалга үмүт кылганына карабай, финалга чейин жеткенине сыймыктанарын кошумчалады.

«Мен Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси болгонумду сыймыктануу менен айтам. Кыргызстанда финалга чыккан биринчи аял болдум. 2016-жылы мен медаль жеңе алган эмесмин. Жашоодо дайыма өйдө-ылдый боло берет. Баарын көтөрө билишибиз керек. Жашоо негизинен — күрөш. Токио Олимпиадасындагы жеңилүүнү коё бердим. Мен күмүштү, алтындан артык кабыл алдым. Кыргызстандыктардан мени болуп көрбөгөндөй колдошту», — деди Тыныбекова.

«Алдыга жылыш керек»

Маектин соңунда спорчу бардык жаш кыздарга кайрылды. Анын айтымында кыялга жетүү үчүн алдыга гана умтулуш керек.

«Бир нерсеге татыктуу экениңди бүткүл дүйнөгө далилдешиң керек. Адамдын мүмкүнчүлүгүнүн чеги дагы, чектөөсү дагы жок. Болгону алдыга карай умтулуп, аракет кылуу керек», — деп белгиледи Тыныбекова.

Айсулуу Тыныбекова — эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Ал 2020-жылкы Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан.

Тыныбекова Кыргызстандын атынан Олимпиада оюндарына лицензия алган биринчи балбан кыз. Анын жеңиши миңдеген кичинекей кыздарды «кыздар үйдө отурушу керек» деген стеротиптерге карабай, профессионалдык спорт менен алектенүүгө шыктандырган.